Каймазаров Таштанбек Турарович — өмүр баяны

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesПортфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таштанбек Каймазаров 1966-жылы 25-июлда Талас облусунда туулган. Кесиби боюнча педагог, юрист-укук таануучу.

Билими:

1983-1989 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган;

1995–1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1984 -1986 — Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1996-1998 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү (кызматкери);

2002-2004 — ИИМдин коомдук түзүлүш менен байланыш башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

2004 -2008 — ИИМдин алдындагы 9-башкы башкармалыктын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

2008 -2010 — ИИМдин 9-башкы башкармалыгында бөлүм башчы;

2010-2016 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгындагы 10-бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

09.2016 — отставкадагы полковник (пенсия);

2017-2020 — "Мадина" ЖЧКсында чет элдик жарандарга укуктук жактан жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы;

2020-жыл, октябрь — Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0