Козубеков Нурбек Азимканович (ортодо)

Козубеков Нурбек Азимканович өмүр баян

49
(жаңыланган 18:34 02.11.2020)
Козубеков Нурбек Азимканович 1964-жылы 26-октябрда туулган. 2020-жылдын октябрь айында "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Билими:

  • 1981-1986 — Фрунзе политехникалык институтунун Өндүрүштү автоматташтырып башкаруу факультетинин өнөр жай ишканаларындагы электр жетеги жана автоматика адистиги боюнча бүтүргөн.
  • 1990-1992 — Эл аралык бизнес мектеби (София шаары), менеджмент;
  • 1995-1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция;

Эмгек жолу:

  • 1986-1990 — "Кыргызглавэнерго", ага инженер;
  • 1990-1991 — "Пишпек" фирмасынын ички байланыш бөлүмү;
  • 1991-2015 — "Акмарал ЛТД" соода компаниясынын генералдык директору;
  • 2015-2016 — "Түндүк электр" ААКтын директорлорунун кеңешинин мүчөсү;
  • 2020 (октябрь) — "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын жетекчиси.
49
Белгилер:
Нурбек Козубеков, 'Улуттук энергетикалык холдинг' ишканасы, жетекчи, дайындоо
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

35
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

35
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
7
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив

Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту

33
(жаңыланган 01:28 04.12.2021)
Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды. Спортчу кыздардын таймашын Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Кармаштын биринчи эле бөлүгүндө Мээрим адегенде контр чабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган.

Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.

Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан.

Ал эми үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган.

33
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Ханум Велиева, мелдеш
Тема боюнча
Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... Легендарлуу Хаким агайдын видеосу
Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды