Жантаев Элчибек Нуржадыевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба полпредства президента в Ошской областиЖантаев Элчибек Нуржадыевич
Жантаев Элчибек Нуржадыевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган Жантаев Элчибек Нуржадыевичтин өмүр баяны менен эмгек жолун Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Таржымал" рубрикасынан окуңуз.
Элчибек Жантаев 1973-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында туулган.
Билими:
"Бухгалтердик эсеп, анализ жана ички аудит" кесиби боюнча жогорку билимдин ээси.
Эмгек жолу:
2002-2003 — Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн статист-экономисти;
2003-2009 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
2009-2012 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
2013-2014 — Айылдык кеңештин төрагасы;
2014-жыл — 08.02.2018 — Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары;
2018-жыл, февраль — Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
2020-жыл, июль — өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.
2020-жыл, ноябрь — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2021-жыл, май-ноябрь — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору;
2021-2023 — Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору;
2023-жыл, апрель — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Муниципалдык кызматтын 1-даражадагы кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0