Жогорку соттун камалган судьясы Камил Осмоналиев тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба Верховного судаЖогорку соттун камалган судьясы Камил Осмоналиев
Жогорку соттун камалган судьясы Камил Осмоналиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камил Осмоналиев 2012-жылдын 13-сентябрынан бери Жогорку соттун судьясы кызматын аркалап келет. Ал 1967-жылдын 10-мартында Ысык-Көл облусунда туулган.

Билими: 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1987 — Ригадагы Жогорку аскердик-саясий окуу жайынын курсанты;
  • 1987-1987 — СССРдин ракеталык аскерлери, Калининград шаарындагы взводдун командиринин орун басары;
  • 1988-1988 — Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери боюнча катчысы;
  • 1993-1994 — Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 1994-1998 — Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгында башкы адистен жетекчинин орун басарына чейин;
  • 1998-1999 — Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын начальниги;
  • 1999-2000 — КР Социалдык фондунун административдик-укуктук башкармалыгынын начальниги;
  • 2000-2001 — Сот департаментинин бөлүм башчысы;
  • 2001-2003 — Жалал-Абад облусунун Арбитраждык сотунун судьясы;
  • 2003-2003 — Жалал-Абад облустук сотунун судьясы;
  • 2003-2009 — Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары;
  • 2009-2012 — Жогорку соттун судьясы;
  • 2012-жылы кайрадан Жогорку соттун судьясы болуп дайындалып, ушул убакка чейин ал кызматты аркалап келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0