Турсалиева Бермет Кенжебековна

Турсалиева Бермет Кенжебековна өмүр баяны

1203
(жаңыланган 00:07 26.12.2020)
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Бермет Турсалиева 1978-жылы 16-октябрда Талас шаарында төрөлгөн.

Билими:

  • 1995-1997-жылга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуган;
  • 1997-жылы Борбор Азиядагы Америка университетинин ушул эле факультетине которулган. Андан соң эл аралык жана салыштырма саясат факультетине тапшырып, окуу жайды 2003-жылы бүтүргөн.

Англис, орус, француз тилдерин билет.

Эмгек жолу:

  • 2003-2004 — айылдагы аялдардын "Алга" коомдук бирикмесинде программалардын координатору;
  • 2004-2005 — БУУнун аялдарды өнүктүрүү фонду, "КРде ВИЧ-СПИД жаатында гендердик маселелерди чечүү үчүн потенциал түзүү" долбоорунда ассистент;
  • 2005-2007 — "Аялдардын жерге болгон укугу" долбоору, БУУнун аялдарды өнүктүрүү фондунда коомчулук менен байланышуу адиси;
  • 2008-2013 — Habitat for Humanity Kyrgyzstan компаниясында программаларды өнүктүрүү боюнча менеджер;
  • 2013-2018 — "Агрардык платформа" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
  • 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Ормон" бренд агенттигинин башкы директору;
  • 2020-жылдын 25-декабрынан тарта айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

1203
Белгилер:
Бермет Турсалиева, өмүр баян, таржымал
Тема боюнча
Солтонбекова Ализа Карыпбековна — өмүр баяны
Сулайманов Рахат Аскерович

Сулайманов Рахат Аскерович өмүр баяны

447
Сулайманов Рахат Аскерович 1975-жылы 29-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.

Билими:

  • 1995-1999 — Казакстандагы Т. Жургенов атындагы театр жана кино боюнча мамлекеттик институтунда театр актеру жана кино адистиги боюнча билим алган;
  • 2018 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 1999-2001 — Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы сатиралык театрда актер;
  • 2001-2002 — жеке ишкер;
  • 2002-2005 — Улуттук телерадио корпорациясында кабарчы, "Замана" студиясында алып баруучу;
  • 2005-2006 — КООРТ телеканалында "Жума кадамы" берүүсүнүн жетекчиси, жаңылыктар кызматынын жооптуу редактору;
  • 2005 — "5-каналда" "Майдан" берүүсүнүн алып баруучусу;
  • 2007-2009 — "Ала-Тоо" маалымат программасынын жоопту редактору, башкы редактору, "Ала-Тоо аймактары" берүүсүнүн башкы редактору;
  • 2009-2010 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун маалымат катчысы;
  • 2010-2012 — ЭлТР телеканалында башкы продюсер;
  • 2012-2013 — Каржы министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2012-2014 — "Санжыра" радиосунда "Шашкеге шашпай" уктуруусунун алып баруучусу;
  • 2013-2021 — УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2021-жылдын 12-январынан баштап "5-каналдын" директору.

Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

447
Белгилер:
кызмат, Өмүр баяны, таржымал, Рахат Сулайманов
Абакиров Эльдар Курманбекович

Абакиров Эльдар Курманбекович өмүр баяны

312
(жаңыланган 12:43 06.01.2021)
Абакиров Эльдар Курманбекович 1981-жылы 14-апрелде Каракол шаарында туулган.

Билими:

  • 2002 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
  • 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
  • 2004 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасы ыйгарылган.
  • 2006 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2002 — Алматы шаарындагы "Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институту" ААКтын программист-аналитиги;
  • 2003 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
  • 2004 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
  • 2005-жылдын март айынан сентябрга чейин Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2005-2010 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
  • 2011-2016 — Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде окутуучу.

2012 — ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ачкан:

  • "D-Center" ЖЧК курулуш компаниясы;
  • textilekg.ru долбоору, Кыргызстанда тигүү цехтерин ачуу, анда тигилгендерди Россиянын базарларына сатуу;
  • kuppi.kg интернет долбоору (SMSBazar), "МобиМарт";
  • кеңсе буюмдары жана китептер сатылган "kalem&book" дүкөнү;
  • "GreenClinic" медициналык борбору;
  • минералдык жана ичүүчү сууларды даярдаган "Барбулак Минерал" ЖЧКсы;
  • пеноблок, брусчатка, шлакоблок, кооз таштарды өндүрүү;
  • "Даамдан" тез тамактануучу жайлары;
  • Чүй облусундагы чарбачылык (мал чарбачылыгы, дыйканчылык).

2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

312
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Элдар Абакиров
Абактын эшигин ачып жаткан кызматкер. Архив

Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты

0
(жаңыланган 11:53 26.01.2021)
Мамлекеттик ишкананын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары жеке ишканалар менен сүйлөшүп алып коррупциялык схема түзгөнү үчүн кармалган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бажы кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Билдирүүдө айтылгандай, тергөө учурунда мекеменин мурдагы жетекчиси Ю.Б.К. коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирген 11 миллион 700 миң сом өлчөмүндө зыянды төлөп берген.

Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.

Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.

0
Белгилер:
Кыргыз темир жолу, шектүү, коррупция
Тема боюнча
"Кыргыз темир жолунан" 250 миң доллар опузалап алган. УКМК шектүүлөрдү кармады