Абакиров Эльдар Курманбекович

Абакиров Эльдар Курманбекович өмүр баяны

297
(жаңыланган 12:43 06.01.2021)
Абакиров Эльдар Курманбекович 1981-жылы 14-апрелде Каракол шаарында туулган.

Билими:

  • 2002 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетин нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча аяктаган;
  • 2004 — Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын экономика жана юридикалык факультетин бүтүргөн;
  • 2004 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде нейрон желеси жана маалыматтык коопсуздук адистиги боюнча магистрлик даражасы ыйгарылган.
  • 2006 — Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин механика-математика факультетинин аспирантура даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2002 — Алматы шаарындагы "Казакстан темир жол транспорту илимий-изилдөө институту" ААКтын программист-аналитиги;
  • 2003 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун адиси;
  • 2004 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетектөөчү адиси;
  • 2005-жылдын март айынан сентябрга чейин Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин ресурстарды башкаруу борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2005-2010 — Алматы шаарындагы "Банк ЦентрКредит" ААК Казына департаментинин директорунун орун басары;
  • 2010-2011 — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык көзөмөл блогунда эксперт;
  • 2011-2016 — Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде окутуучу.

2012 — ишкерлик менен алектенип, бир нече долбоорлорду ачкан:

  • "D-Center" ЖЧК курулуш компаниясы;
  • textilekg.ru долбоору, Кыргызстанда тигүү цехтерин ачуу, анда тигилгендерди Россиянын базарларына сатуу;
  • kuppi.kg интернет долбоору (SMSBazar), "МобиМарт";
  • кеңсе буюмдары жана китептер сатылган "kalem&book" дүкөнү;
  • "GreenClinic" медициналык борбору;
  • минералдык жана ичүүчү сууларды даярдаган "Барбулак Минерал" ЖЧКсы;
  • пеноблок, брусчатка, шлакоблок, кооз таштарды өндүрүү;
  • "Даамдан" тез тамактануучу жайлары;
  • Чүй облусундагы чарбачылык (мал чарбачылыгы, дыйканчылык).

2016-2019 — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

297
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Элдар Абакиров
Сулайманов Рахат Аскерович

Сулайманов Рахат Аскерович өмүр баяны

331
Сулайманов Рахат Аскерович 1975-жылы 29-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.

Билими:

  • 1995-1999 — Казакстандагы Т. Жургенов атындагы театр жана кино боюнча мамлекеттик институтунда театр актеру жана кино адистиги боюнча билим алган;
  • 2018 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 1999-2001 — Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы сатиралык театрда актер;
  • 2001-2002 — жеке ишкер;
  • 2002-2005 — Улуттук телерадио корпорациясында кабарчы, "Замана" студиясында алып баруучу;
  • 2005-2006 — КООРТ телеканалында "Жума кадамы" берүүсүнүн жетекчиси, жаңылыктар кызматынын жооптуу редактору;
  • 2005 — "5-каналда" "Майдан" берүүсүнүн алып баруучусу;
  • 2007-2009 — "Ала-Тоо" маалымат программасынын жоопту редактору, башкы редактору, "Ала-Тоо аймактары" берүүсүнүн башкы редактору;
  • 2009-2010 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун маалымат катчысы;
  • 2010-2012 — ЭлТР телеканалында башкы продюсер;
  • 2012-2013 — Каржы министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2012-2014 — "Санжыра" радиосунда "Шашкеге шашпай" уктуруусунун алып баруучусу;
  • 2013-2021 — УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2021-жылдын 12-январынан баштап "5-каналдын" директору.

Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

331
Белгилер:
кызмат, Өмүр баяны, таржымал, Рахат Сулайманов
Алиев Бахтияр Жеңишбекович

Алиев Бахтияр Жеңишбекович өмүр баяны

333
(жаңыланган 22:41 30.12.2020)
КТРКнын башкы директору болуп шайланган Бахтияр Алиевдин өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Таржымалынан" окуңуздар.

Алиев Бахтияр Жеңишбекович — 1978-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 2000-жылы Ош технологиялык университетинин финансы жана кредит адистигин аяктаган.
  • 2017-жылы Кыргыз экономика университетин аяктап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Ишмердүүлүгү:

  • 1999-2000 — Өкмөттүн алдындагы финансылык көзөмөл инспекциясында (азыркы Эсептөө палатасы) инспектор;
  • 2000-2001 — "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКта жетектөөчү адис;
  • 2001-2009 — Социалдык фонддо жетектөөчү адис, бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары;
  • 2009-2020 — Коомдук телерадио корпорациясынын коммерциялык жана каржы бөлүмдөрүндө эмгектенген.
  • 2020-жылдын 30-декбарында Коомдук телерадио корпорациясынын директору болуп шайланды.
333
Белгилер:
Бахтияр Алиев, биография, КТРК, таржымал, өмүр баян
Бишкектеги Токтогул Сатылгановтун эстелиги. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
16-январга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, январь
Тема боюнча
Жерге муз доору кайтышы мүмкүн