Чынбаева Асель Рысбековна

Чынбаева Асель Рысбековна өмүр баяны

Асель Чынбаева 1974-жылы 7-майда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында туулган.

Билими:

  • 1996 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук таануучу адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1998 — Жогорку Кеңеш, депутаттын коомдук башталгычтагы жардамчысы;
  • 1998-2000 — Бишкек мэриясынын укуктук департаментинде жетектөөчү адис;
  • 2000-жылдын март айынан ноябрь айына чейин —"Хельвитас" Швецариялык эл аралык кызматташтык ассоциациясынын айыл калкына укуктук жардам берүү" долбоорунда юрист;
  • 2001-жылдын январь айынан июнга чейин — "Альянс-Транс" ассоциациясында юрист;
  • 2001-2004 — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну контролдоо бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2004-2006 — Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, уюштуруу-кадрдык жана укуктук иштер бөлүмү, юридикалык иштер секторунун башчысы;
  • 2006-2007 — өкмөттүн аппараты, юридикалык бөлүмдүн укуктук талдоо секторунда башчынын милдетин аткаруучу;
  • 2007-жылы апрелден май айына чейин — өкмөттүн аппараты, укуктук-экспертиза бөлүмүнүн мыйзамдарды системалаштыруу жана кодификациялоо секторунда башчынын милдетин аткаруучу;
  • 2007-жылдын май айынан августка чейин — өкмөттүн аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүндө эксперт;
  • 2007-2009 — өкмөттүн аппараты укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертиза секторунда эксперт;
  • 2009 — өкмөттүн аппараты, укуктук колдоо бөлүмүндө башчынын орун басары;
  • 2010 — убактылуу өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
  • 2010 — президенттин администрациясы, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
  • 2010-2015 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
  • 2015-2016 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн экспертиза секторунда башкы эксперт;
  • 2016-2017 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти;
  • 2017 — өкмөттүн аппараты, укуктук-экспертиза бөлүмүнүн мыйзамдарды системалаштыруу жана кодификациялоо секторунун башчысы;
  • 2017-2019 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүндө башчынын орун басары;
  • 2019-2021 — өкмөттүн аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы.
  • 2021-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы курамына юстиция министри катары кирди.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Белгилер:
таржымал, өмүр баян
 Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы Уланбек Асанов

Асанов Уланбек Жалалович өмүр баяны

(жаңыланган 16:02 06.04.2021)
Уланбек Асановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Уланбек Асанов 1970-жылы 30-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • 1988-1993 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана социалдык пландоо факультетин аяктаган.
  • 1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, юриспруденция адистигин бүткөн.

Эмгек жолу:

  • 1990-1994 — Макарон-кондитердик фабрикасында экономист;
  • 1994-1995 — “Кыргызагроминитехпром” мамлекеттик-коммерциялык өндүрүштүк бирикмесинде жетектөөчү инженер;
  • 1995-1998 — Ош электр тармактар ишканасында инженер;
  • 1998-2001 — “Кыргызэнерго” акционердик коомунда инженер;
  • 2001-2003 — “Ошэлектр” ачык акционердик коомунда АСУ башчысы;
  • 2003-2003 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2004-2005 — премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
  • 2005-2006 — президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басарынын жардамчысы;
  • 2007-2007 — премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2008-2009 — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын аппарат жетекчиси;
  • 2009 — Социалдык фонддун окуу борборунун директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2010-2013 — Социалдык фонддун аппарат жетекчиси;
  • 2013-2021 — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;
  • 2021-жыл, апрель — Социалдык фонддун төрагасы.
Белгилер:
өмүр баян, таржымал, кеңешчи, төрага, Социалдык фонд, Уланбек Асанов
Тема боюнча
Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны
Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны
Бишкектеги Ормон хандын эстелиги. Архив

Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"

(жаңыланган 15:09 15.03.2021)
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Ормон Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу Sputnik даярдаган "Таржымалдан" окусаңыз болот.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздарынын ханы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын кутумунан ажал тапкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчылар Асанбек Акматалиев жана Белек Солтоноевдин эмгектерине таянуу менен Ормон хандын таржымалын сунуштайт.

Атагын арттырган куда-сөөктүк саясат

Ормон хандын атасы Ниязбек сарыбагыш уруусунун белгилүү бийи. Айтылуу Калыгул Бай уулу менен Ормон хан ага-ининин балдары, олуя кийинчерээк кеңешчи да болгон.

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин маалыматында, Ормон хан башка уруулар менен мамилесин чыңоого аракет кылган. Бул үчүн кызы Куланды бугунун бийи Боромбайдын уулуна берсе, иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берет. Саяктардын бийи Медет датка менен ымалашып, Чыны бий менен достошкон. Тайлак баатырдын уулу Осмон менен өз уулу Чаргынды достоштурат. Кетмен-төбөлүк бий Ырыскулбекке өз уруусунан кыз алып берет. Ошентип Чүй, Көл, Нарын, Кетмен-Төбө, Талас чөлкөмүндөгү кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктеген.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон Ниязбек уулу түндүк кыргыз урууларынын башын кошуп өзүнчө хандык түзүүнү көздөйт. 1842-жылы Ысык-Көлдүн этегинде 500 боз үй тигилип, кыргыздын курултайын өткөрөт. Курултайга сарыбагыштардан Жантай, Калыгул, Төрөгелди катышса, солтодон Жангарач, Тынаалы баштаган топ келип кошулган. Андан сырткары, саяктарды баштаган Медет датка, бугулардан Боромбай жана кушчу, черик, саруу, моңолдор урууларынын өкүлдөрү да катышкан. Ошондой эле түштүк кыргыздардан Алымбек датка келгени айтылып жүрөт.

Курултайда Ормон: "Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бизге салыштырмалуу Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы жана бул эле казактын да ханы бар. Биз болсо уруубуздун арсыз намысын тутуп, бириге албай жүрөбүз. Минтип кете берсек эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биригели, өзүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайласын, ошон үчүн курултайга чакырдым", — деп кайрылат. Жыйында ар уруунун билерманы чыгып сөз сүйлөп, Ормонду ылайык көрүшөт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулуна ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ал хан болуп шайлангандан кийин ордосун Байсоорунга орнотот. Хандын өзүнүн тамгасы, мөөрү болгон.

Кокондун сан миңдеген колун кыйраткан

Ормон хан такта турганда уруу аралык касташууларды токтотот. Жерди кеңейтүү максатында Иле дарыясынын жээгин кыргыздарга кошууну самап 500гө жакын үй менен көчүп барган. Кокон хандыгынын Куртка, Байсоорун чептерин талкалатат. Санташ, Бедел, Тоюн жана Ашуу-Алматыга кароол чеп орнотот. Кокондун ханы Ормонду өзүнө тартуу үчүн "Парваначы" деген өтө бийик наам ыйгарат. Ормон кыргызды өзүнчө көз карандысыз мамлекет кылууга жана борборлоштурулган бийлик түзүү аракетин жүргүзгөн. Тышкы иштер боюнча, сот иштерине жана кол башчылыкка ишенген адамдарын дайындайт. Мындан кооптонгон Кокон хандыгы түндүк кыргыздарды басуу үчүн Мусулманкул аталыкты 5000 аскери менен жиберет. Жоо келе жатканын элчи аркылуу билген Ормон хан Жантай, Жангарач болуп тосуп чыгат. Бир жумага созулган кармашта Мусулманкул аталыктын колу кыйрап, артка чегинет.

Казак-кыргыз кармашы, Кененсарынын өлүмү

Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча, 1845-жылы кыргыз-казак ортосунда "жылкы уурдалды" деп чыр чыгат. Анын натыйжасында казак ханы Кененсары Бишкектин түндүк жагындагы тынай элине кол салып, эрлер окко учат. Казак аскерлери балдарды мууздап, аялдардын ичин жарып кетет. Эки жыл өткөн соң, 1847-жылы жаз айында Кененсары хан 20 миңге жакын аскери менен Сары-Өзөн Чүйгө жортуул жасайт. Сарыбагыштын жоого жарактуу жигиттери менен Жантай, Солтодон Жангарач баштаган кыргыздар жоонун жолун торогон. Жыйынтыгында Абылай хандын небереси Кененсары хан иниси Ноорузбай экөө колго түшөт. Алардын башы алынып, Россия бийлигине жөнөтүлгөн. Кененсарынын колун талкалап, аны туткундап өлтүргөндөн кийин Ормон хандын ысымы Кытай, Россия империяларында айтыла баштаган.

Ормон хандын колго түшүшү

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин айтымында, Ормон хандын бугу эли менен таарынычы болгон. Кокондон Мусулманкул аталык келип согуш ачканда Ормон хан көл жээгиндеги бугуларга чабарман жиберип жардам сурайт. Алар келбей койгондо "кыргыздын тарыхы кыл үстүндө турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар" деп Боромбай бий менен Муратаалыга таарынат. Бугу уруусу кийин Кененсары менен болгон согушка да катышкан эмес. Ормон хан көлдүн башын кыдырып, "Санташ" чегин көрүп кайра келе жатканда Боромбайдын уулу Кылыч менен Нышандын уулу Мырза жолун торойт. Ормонду колго түшүрүп туткундашат. Аны күйөө баласы Өмүрзак менен кызы Куландын үйүнө алып барышат. Кутум уюштурулуп, аны өлтүрүүнү чечишет. Кененсарынын колун талкалаганына катуу намыстанган казак султаны Тезек төрөнүн да бул ишке тиешеси болгон. Ошентип, Ниязбек уулу Ормон хан 1855-жылы өз кызынын үйүндө өлтүрүлөт.

Хандын куну, сарыбагыш-бугу чабышы

Ормон ханды ким кандайча өлтүргөнү жөнүндө так маалымат жок. Бирок көп убакыт өткөрбөй эле уулу Үмөтаалы менен иниси Төрөгелди хандын кунун кууп бугу элине согуш ачат. Тирешүүдө аялдар туткунга алынып, жигиттер көз жумат. Бугу менен сарыбагыштын кармашы үч жылга созулган. Бул тирешүү уруулардын Россия карамагына өтүп, орус бийлигинин жана Жантай хандын ортого түшүүсү менен токтогон.

Белгилер:
Ормон хан, таржымал, тарых, туткун, өлүм, Кокон хандыгы
Тема боюнча
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 01:10 15.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.

Белгилер:
сүрөтчү, актер, видео, Улуттук банк, Сүймөнкул Чокморов
Тема боюнча
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты