Жаңы Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов

Бишкек мэринин милдетин аткарган Бактыбек Кудайбергенов тууралуу эмне белгилүү

539
(жаңыланган 13:43 10.02.2021)
Бактыбек Кудайбергенов 1962-жылы 8-декабрда Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында туулган.

Билими:

  • 1987 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган, маданий агартуучу;
  • 1999 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция адистин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1987-1988 — Ивановка мамлекеттик атайын колхозу, маданият үйүнүн жетекчиси;
  • 1988-1989 — Ивановка мамлекеттик атайын колхозу кесиптик комитети, клуб башчысы;
  • 1989-1991 — Кыргызстанда Ленин коммунисттик жаштар союзу, комсомолдор уюму бөлүмүндө инструктор;
  • 1991-жылдын январь айынан декабрга чейин — Кыргызстанда Ленин коммунисттик жаштар союзу, экинчи катчы;
  • 1991-1992 — СЦ СМК жалпы бөлүмдүн жетекчиси;
  • 1992-1995 — "Мээнет" өндүрүш-коммерциялык фирмасы, жетекчинин орун басары;
  • 1995-1997 — "Триод" Кыргыз-Германия биргелешкен ишканасы, коммерциялык бөлүмдө начальник;
  • 1997-1998 — "Интер 97" ЖЧКсы, башкы директор;
  • 1998-2002 — "Жетиген" ишканасы, юрист-консультант;
  • 2002-2006 — Адвокаттар кеңеши, жактоочунун жардамчысы;
  • 2006-2007 — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы, аппарат жетекчиси;
  • 2012-2015 — "Ысык-Ата" санаторийинин жетекчиси;
  • 2012-2015 — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими;
  • 2015-2017 — өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү;
  • 2021-жылдын февралында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Мындан тышкары, "Ысык-Ата районунун бокс федерациясы" коомдук бирикмесинин директорлугун аркалаган.

539
Белгилер:
таржымал, өмүр баян, Бактыбек Кудайбергенов
Тема боюнча
Мэрдин милдетин аткара турчу Эрмек Нургазиев тууралуу эмне белгилүү?
Бексултан Жакиев — өмүр баяны
Финчалгындоонун башчысы Канатбек Тургунбеков

Финчалгындоонун жаңы башчысы Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны

537
(жаңыланган 10:26 16.02.2021)
Канатбек Тургунбеков 1970-жылы 25-майда Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Чет-Нура айылында туулган.

Канатбек Тургунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.

Тургунбеков Кыргыз айыл чарба университетинде зооинженер адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юрист-укук таануучу адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1992-1993 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 1993-1994 — ИИМдин экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери;
  • 1994-1996 — ИИМдин экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын коррупция жана пара алууга каршы бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;
  • 1996-2000 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын бандитизмге каршы бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;
  • 2000-2001 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторго, транс улуттук жана жогорку технологиялар тармагындагы кылмыштар бөлүмүнүнү башчысы;
  • 2001-2002 — Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2002-2003 — Финансы полициянын Бишкектеги башкармалыгынын жетекчисининин орун басары;
  • 2003-2004 — Финансы полициянын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2004-2006 — Финансы министрлигинин Ыктыярдуу башкаруу жана ички аудит кызматынын башчысы;
  • 2006-2007 — Финансылык чалгындоо кызматынын башчысынын орун басарынын илдетин аткарган. Ошондой эле IТ-камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген;
  • 2007-2008 — "Альфа Секьюрити" кайтаруу агенттигинин башкы директорунун кеңешчиси;
  • 2008-2009 — Коррупциянын алдын алуу улуттук агенттигинде башкармалыктын жетекчиси;
  • 2009-2010 — Мамлекеттик кадр кызматынын Коррупцияны алдын алуу агенттигинин башчысынын орун басары;
  • 2011 — "Альфа Телеком" ЖАКтын коопсуздук маселелер боюнча директору;
  • 2012 — "Альфа Телеком" ЖАКтын персоналдар боюнча дирекциянын башчысы;
  • 2013 — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары;
  • 2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук маселелер боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2020 — Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын штабынын жетекчиси.
  • 2021-жылдын 15-февралында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Финансы полициясынын полковниги, Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.

537
Белгилер:
Финансылык чалгындоо кызматы, Канатбек Тургунбеков, таржымал, өмүр баян, кызматкер, финансы
Тема боюнча
Жоробай ажы Шергазыев — өмүр баяны
Жоробай ажы Шергазыев

Жоробай ажы Шергазыев өмүр баяны

385
(жаңыланган 11:24 12.02.2021)
Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыевдин өмүр баяны тууралуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Таржымал" рубрикасынан окуңуз.

Жоробай ажы Шергазыев 1974-жылы 27-августта Баткен облусунда туулган. Диний жогорку билимге ээ болгон.

Билими:

  • 1992 — Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүргөн;
  • 1992 — Бишкектеги "Хазрат Умар" атындагы медресеге тапшырып, белгилүү дин аалымдары болгон Молдо Хашим жана Молдо Газыдан сабак алган;
  • 2004 — Египеттеги "Ал-Азхар" университетинин шарият факультетин ийгиликтүү аяктаган;
  • 2006-2009 — жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын фатва берүүгө даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктаган;
  • 2015 — Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинин магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2009 - 2010 — Египеттин муфтиятында иштеген;
  • 2010 — Кыргызстан ислам университетинде мугалим;
  • 2011 — Бишкектеги "Ыйман" мечитине имам-хатиб;
  • 2011 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси;
  • 2013 — муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016 — февраль айынан тарта азирети муфтийдин орун басары;
  • 2021-жылдын 11-февралынан тарта муфтийдин милдетин аткаруучу.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

385
Белгилер:
Жоробай Шергазыев, Муфтий, таржымал, өмүр баян
Тема боюнча
Шаршеев Бакыт Октябрович — өмүр баяны
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда