Билими:
Эмгек жолу:
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Эмгек жолу:
Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Калык Акиев айыл кеңешинин төрагасы болгон. Ал 1919-жылы Казакстандын Жети-Суу облусунда өткөн 1-съездге делегат болуп барып келгенден кийин кичи мекени Жумгалга малын сатып, мугалим жалдап мектеп уюштурган. Аталган билим берүү жайы Нарын өрөөнүндө курулган алгачкы мектептердин бири болуп, имараты 1985-жылга чейин турган. Мындан сырткары, ал филармонияда артист да болгон.
Чыгармалары:
Акындын чыгармалары Совет бийлиги орногондон кийин жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы "Калыктын ырлары" деген аталыш менен 1936-жылы басылып чыккан. Анын айтуусундагы "Жаныш-Байыш", "Курманбек" өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланганы маалым. Өмүр жолун баяндаган "Баскан жол" деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган. Ал санат, насыят, терме ырларында жаштарды ак ниеттүүлүккө, эмгекчил болууга чакырган.Калык Акиев "Курманбек" баштаган "Жаныш-Байыш", "Карач дөө", "Акмөөр", "Карагул ботом" сыяктуу элдик дастандарды комуздун коштоосунда айткан.
Сыйлыктары:
Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Калык Акиев Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ага 1939-жылы "Кыргыз ССРинин эл артисти" деген наам берилген.Калык Акиев — Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Токтогул, Эсенаман, Найманбай, Эшмамбет сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктын чебери. Ал да эки доорду көрүп, ырчылык татаал жолду басып өткөн.
Төкмө акын 1953-жылы дүйнөдөн кайткан.
Билими:
Эмгек жолу:
Чыгармалары:
Үй-бүлөсү:
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.