Жолон Мамытов — өмүр баяны

© Фото / из семейного архива МамытовыхКыргыз акыны, прозаик, котормочу Жолон Мамытов жубайы менен. Архив
Кыргыз акыны, прозаик, котормочу Жолон Мамытов жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн.
Билими:
  • 1957-1962 — Бишкектеги Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө окуган;
  • 1969-1971 — Москвадагы Максим Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курстан билим алган.
Эмгек жолу:
  • 1962-1968 — Кара-Суу районунун Катта-Талдык совхозунда башкы ветврач;
  • 1968-1969-жылдары — Ош облустук радиокомитетинде улуу редактор;
  • Кийин Ош облустук радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор, Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, республикалык мамкинонун башкы редактору, "Кыргызстан маданияты" редакциясынын поэзия бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан жазуучулар союзунда төрага орун басары болуп эмгектенген.
Чыгармалары:
  • Жолон Мамытовдун алгачкы ыры 1954-жылы облустук "Ленин жолу" газетасына жарыяланган. Жолон Мамытов сүйүү темасына көп токтолгон акындардын сап башында.
  • Анын "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Үй-бүлөсү:
  • Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чөлкөмдө белгилүү чебер, уз, кошокчу жана ашкан сулуу аял болгон экен.
  • Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына да ушул адам себепкер.
  • 48 жашында Жолон Мамытов лейкоз (ак кан) илдетине кабылып, дарт менен жарым жылдай алышып, Москвага дарыланууга барып ошол жактан көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0