Гапар Айтиев — өмүр баяны

© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара АйтиеваСоветтик жана кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Архив
Советтик жана кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Гапар Айтиев 1912-жылы 28-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Билими:
  • Балдар үйүндө тарбияланган жаш талант 1932-жылы Агартуу институтун бүтүрүп, эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Андан соң 1935-1938-жылдары Москвадагы көркөм окуу жайында окуп, ал жакта көлөмдүү эмгектерди жаратып, кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн алгачкыларынан болгон.
Эмгек жолу:
  • Гапар Айтиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал взводдун комиссары болуп кызмат өтөгөн. Мындан сырткары, коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, өлкөнүн маданият тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
  • Айтиев 1940-жылдан 1968-жылга чейин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп иштеп, өнөрканаларды ачууга көмөктөшкөн. Ошондой эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин алты жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
  • Сүрөтчү 1952-1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрын жасалгалоодо сүрөтчүлөр бригадасынын көркөм жетекчиси болгон.
  • Айтиевдин колунан жаралган эмгектер союздук республикалардан сырткары Германия, Кытай, Канада, Япония, Швеция, Бельгия, Польша, Монголияда көрсөтүлгөн. Алардын айрымдары азыркыга чейин Москва, Алматы, Казань, Львов, Баку шаарларынын музейинде сакталып, көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп келет. Сүрөткер "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору болуп да иштеген. Өмүрүнүн аягына чейин сүрөт тартып, дүйнөгө белгилүү шакирттерди да тарбиялаган.
Эмгектери:
  • Сүрөтчүнүн "Тоо мейкини" (1964), "Чүй өрөөнүндөгү күз" (1965), "Анжияндын айланасы", "Түштүктөгү кеч" (1967), "Калканар зоо" (1969), "Талаадагы тандыр" (1972), "Көңүл", "Тоодогу күүгүм" (1973), "Ойлонуу", "Кечки тынчтык" (1974) аттуу чыгармалары сүрөт искусствосунун жогорку үлгүлөрүнөн болуп калган. Сүрөтчүнүн мындан башка эмгектери да көпчүлүккө белгилүү.
Наамдары:
  • Гапар Айтиев — кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. СССРдин эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Социалистик Эмгектин Баатыры. Ал Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана бир нече медаль менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0