Костюмчан киши. Архив

Сыдык Карачев өмүр баяны

185
(жаңыланган 14:53 20.04.2021)
Журналист, жазуучу, адабиятчы, драматург Сыдык Карачев 1900-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында туулган. Айрымдар анын 1901-жылы төрөлгөнүн жазып жүрүшөт.

Сыдык Карачевдин бала чагы, үй-бүлөсү жөнүндө маалымат жокко эсе. Окуу китептерде ал тууралуу учкай гана жазылган.

Билими:

Карачев эс тартканда Каракол шаарына келип татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношкон. Анын жардамы менен шаардагы жаңы тартип (жадид) мектебинен билим алган.

1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде Кызыл гвардия бөлүмү түзүлүп, ага Карачев да катталган. Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, кийин ак гвардиячыларга каршы согушуп, Бухара эмирлигин кулатууга катышкан.

Сыдык Карачев 1920-1922-жылдары Ташкенттеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштеген.

Советтик жана кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Архив
© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара Айтиева
Эмгек жолу:

"Эркин-Тоо" гезитинин тунгуч саны жарык көрөөр алдында Сыдык Карачевди Ташкентке атайын чакыртышып, гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат (Сыдык Карачев ага чейин 1919-жылдары  Алматыда чыккан "Көмөк" гезитинде аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).

Карачев "Эркин-Тоо" гезитинде алты жыл эмгектенип, кийин 1930-жылы Оштогу "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу редактор болгон. Айтор, Карачев 1924-жылдан баштап басма сөз тармагында иштеген.

Чыгармалары:

Сыдык Карачевдин алгачкы ыры 1918-жылы татар тилиндеги "Шуро" гезитине жарык көргөн. Ал башында жалаң казак, татар тилдеринде жазганы айтылат. 1919-жылы "Көмөк" гезитине анын "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Алданган нур кызы", "Күкүк менен Зейнеп", "Ысык-Көл боюнда" аттуу аңгемелери басылып чыккан. Жазуучунун "Шаңдан, жүрөк", "Аялдар салтанаты", "Айылдагы курбума", "Досума" аттуу ырлары дагы бар.

СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев. Архив
© Sputnik / Александр Федоров
Сыдык Карачев тунгуч прозаик. Ал адабий чөйрөгө прозаик катары "Үйлөнүүдөн качты", "Сүйгөнүнө кошула албады", "Эрик таңында", айрыкча "Эрксиз күндөр" повести менен таанылган. Анын "Эрик таңында" жана "Эрксиз күндөр" чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Кыска өмүрүндө ал "Борч", "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп" аттуу үч пьеса жазган. Ошондой эле чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Сыдык Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланып, кийин каза болгон соң гана акталган.

185
Белгилер:
Сыдык Карачев, таржымал, Өмүр баяны
Тема боюнча
Жусуп Абдрахманов — өмүр баяны
Иманкулов Марат Муканович

Иманкулов Марат Муканович өмүр баяны

27
(жаңыланган 13:25 08.05.2021)
Марат Иманкулов 1960-жылы Чүй облусунун Он бир жылга айылында туулган. Улуттук коопсуздук органынын генерал-майору.

Билими:

  • 1982 — Москва полиграфиялык институтун аяктаган;
  • 1987 — Киевде СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин бүткөн;
  • 1991 — Ташкентте СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган;

Кыргызстандын улуттук коопсуздук органында 1986-жылдан бери иштеп, ыкчам кызматкерден жетекчилик кызматка чейин жеткен.

  • 1998–2001 — Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2001–2002 — Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2002–2005 — Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2005–2007 — Улуттук коопсуздук кызматынын террорчулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы;
  • 2007-жылы КМШ өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлеген.
  • 2011-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон, бирок орто жолдон өз эрки менен жарыштан чыгып кеткен.
  • 2021-жылдын 8-майында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
27
Белгилер:
кызмат, Коопсуздук кеңеши, Өмүр баяны, Марат Иманкулов
Тема боюнча
Билим берүү министри кызматына келген Болотбек Купешевдин өмүр баяны
Болотбек Купешев. Архив

Билим берүү министри кызматына келген Болотбек Купешевдин өмүр баяны

37
(жаңыланган 14:33 07.05.2021)
Купешев Болотбек Душекович 1959-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Соколовка айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1976 - 1978 — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда иштеген (ар кандай жумуштар);
  • 1978 - 1980 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1980 - 1986 — СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;
  • 1986 – 1989 — Кыргызстан Ленинчил коммунисттик жаштар союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;
  • 1989 – 1991 — Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;
  • 1996 – 2002 — Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;
  • 2002 – 2004 — Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;
  • 2004 – 2005 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
  • 2005 – 2007 — Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;
  • 2007 – 2008 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;
  • 2008 – 2009 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;
  • 2009 – 2010 — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
  • 2021-жылдын май айына чейин өлкөнүн Соода - өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;
  • 2021-жылдын 5-майынан тарта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.
  • 1990 – 1995-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук кеңешинин депутаты дагы (эки жолку чакырылышта) болгон. Ал эми 1999-2004-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп эмгектенген.
  • 2000-жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I съездинин делегаты болуп шайланган. 1992-1993-жылдары "Мыкты директор" наамына татыктуу болгон;
  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамынын ээси. "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
37
Белгилер:
Болотбек Купешев, биография, таржымал
Дарыгер. Архив

Дарыгер акча соргон, пайдасынан зыяны көп процедураларды атап берди

0
(жаңыланган 11:13 10.05.2021)
Адис вирустук-инфекциялык сезон маалында медиктер толгон-токой витамин, биологиялык активдүү кошулмаларды жана процедураларды жазып берерин айтып, керектүүсүн алууга кеңеш берди.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жөн эле акчаны кетирген жана ашыкча жасалган ден соолук процедуралары тууралуу "Прайм" телеканалына эксперттик медицина клиникасынын башкы дарыгери Олег Серебрянский айтып берди.

Маселен, отоларингологдор мурунду деңиз тузу менен жууганга кеңеш беришет. Андан даярдалган препарат дарыканада кымбат, сасык тумоо күч алганда табуу да кыйын.

"Деңиз тузунан жасалган дарынын деле пайдасы бар. Бирок мурунду кадимки туздуу суу жана физиологиялык аралашма менен жуугандын эч айырмасы жок, натыйжасы ошондой эле болот. Бирок мурун көңдөйүн кечке эле жууй бербегиле. Аралашмалар табигый микрофлораларды кетирип, былжыр челдерге зыянын тийгизет. Көп учурда бул аллергиялык ринитке алып келет", — деген дарыгер.

Ошондой эле физиотерапиялык процедуралар сакайтат деген илимий тастыктама жок. Аны негизги процедура менен чогуу же андан кийин сунуштап жүрүшөт. Физиопроцедура адистин көзөмөлүндө жасалса зыян эмес, бирок чоң пайда күтүп деле кереги жок.

Андан сырткары, курч кармаган респиратордук-вирустук инфекция маалында медиктер толгон-токой витамин менен биологиялык активдүү кошулмаларды жазып берет. Бирок туура тамактанып, пайдалуу азыктарды жеген кишиге алардын кереги деле жок.

Мындан тышкары, дарыгерлер суук тийген адамга антибиотик жазып туура эмес кыларын кошумчалаган. Ал билдиргендей, антибиотик — күчтүү препарат, аны ичкендердин организми дарыны тоготпой калат.

0
Белгилер:
сасык тумоо, мурун, процедура, дарыгер
Тема боюнча
Диетолог толуп кетпеш үчүн канча таттуу жегенге болорун айтты