Жаңы билим берүү министри Болотбек Купешев туурасында эмне белгилүү

© Sputnik / Асель АкматалиеваБолотбек Купешев. Архив
Болотбек Купешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Алмазбек Бейшеналиевдин фамилиясы министрлер кабинетинин жаңы курамында жок болуп чыкты. Ал 2020-жылдын октябрынан бери Билим берүү министрлигин башкарып келген.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна Болотбек Купешев дайындалды. Бул министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялаганда белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол койду. Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын күчүнө кириши менен министрлер кабинетин өзгөртүштү. Тагыраагы, өкмөттүн төрагасынын дагы эки орун басары пайда болду.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан бери Билим берүү министрлигин башкарып келген.
Ачык маалыматтар боюнча, Купешев 2004-жылдын октябрь айына чейин Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер атындагы мектептин директору болгон.
2004-жылдын 6-октябрынан 2005-жылдын апрель айына чейин Октябрь районунун акими болуп иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты да болгон.
2008-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районун жетектеп, аким жана акимдин орун басарлыгын аркалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0