Иманкулов Марат Муканович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековИманкулов Марат Муканович
Иманкулов Марат Муканович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Марат Иманкулов 1960-жылы Чүй облусунун Он бир жылга айылында туулган. Улуттук коопсуздук органынын генерал-майору.
Билими:
  • 1982 — Москва полиграфиялык институтун аяктаган;
  • 1987 — Киевде СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин бүткөн;
  • 1991 — Ташкентте СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган;
Кыргызстандын улуттук коопсуздук органында 1986-жылдан бери иштеп, ыкчам кызматкерден жетекчилик кызматка чейин жеткен.
  • 1998–2001 — Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2001–2002 — Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2002–2005 — Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2005–2007 — Улуттук коопсуздук кызматынын террорчулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы;
  • 2007-жылы КМШ өлкөлөрүнүн Терроризмге каршы борборунун жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлеген.
  • 2011-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон, бирок орто жолдон өз эрки менен жарыштан чыгып кеткен.
  • 2021-жылдын 8-майында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0