Нурай Марс — өмүр баяны

© Фото / Алишер АлиевНурай Марс
Нурай Марс  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Нурай Марстын өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.
Нурай Марс 1991-жылы 29-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билими бар.
Билими:
  • 2008-2015 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
  • 2020-жылдан бери Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин магистратурасында финансы жана кредит факультетинде окуйт.
Эмгек жолу:
  • 2010-жылдын май айынан 2011-жылдын ноябрына чейин — Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын адиси;
  • 2013 — КР өкмөтүнүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматкери;
  • 2014-жылдын январынан 2015-жылдын июлуна чейин — Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • 2017-2021 — Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2021-жылдын май айынан баштап президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0