Жунушалиев Айбек Жанышбекович — өмүр баяны

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйбек Жунушалиев
Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Айбек Жунушалиев 1976-жылы 6-июнда Чүй облусуна караштуу Кегети айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
1997–1999 — КММУ слесарь-сантехник;
2000–2004 — КММУ окутуучу;
2000–2006 — Чүй облустук администрациясында жаштар иши боюнча комитеттин башчысы, "Чүй облусунун жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин башчысы;
2006 — Чүй аймактык билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгында жетекчинин орун басары;
2006–2007 — Чүй облустук администрацияда социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2007–2008 — өкмөттүн аппаратында билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар менен иштешүү бөлүмүндө референт;
2008–2009 — президенттин жарандарды жана каттарды кабыл алуу секторунун башчысы;
2009–2010 — президенттин администрациясында уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери боюнча сектордун эксперти;
2010 — Чүй облустук администрациясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы;
2010–2014 — өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө аппарат жетекчи;
2014–2015 — өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2015 — Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы;
2021, февраль — өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
2021, май — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
2021-2022 — Бишкек шаарынын мэри;
2022, 24-февраль — президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги.
Жаңылыктар түрмөгү
0