Муфтий Замир кары Ракиев. Архив

Муфтий болгон Замир Ракиев тууралуу эмне белгилүү

1614
(жаңыланган 13:26 26.06.2021)
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болгон Замир Ракиевдин өмүр баяны менен эмгек жолун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышсаңыз болот.

Замир Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:

  • Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу — Магистр" адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин мугалими;
  • 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин директору;
  • 2010-2011 — Нарын облусунун казысы;
  • 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
  • 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген. 2020-жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган;
  • 2021-жылдын 26-июнунда Кыргызстандын муфтийи болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы. Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

1614
Белгилер:
Өмүр баяны, Муфтий, муфтият, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан, казыят, Бишкек, Замир Ракиев, таржымал
Тема боюнча
Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны
Азамат Сагындык уулу

УКМК колго түшүргөн Бишкектин вице-мэринин өмүр баяны

881
(жаңыланган 12:25 26.07.2021)
Азамат Сагындык уулунун өмүр баяны жана ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышсаңыз болот.

Азамат Сагындык уулу 1984-жылы 12-мартта туулган. Билими жогорку. 

Билими:

  • 2000-2005 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, физика-электроника боюнча адистик;
  • 2005-2007 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, магистратура, электрондук-инженер адистиги;
  • 2007-2010 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, жарандык укук адистиги;
  • 2011-2014 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Өнөр жай жана жарандык курулуш факультети, инженер адистиги;

Ишмердүүлүгү:

  • 2007-2010 — Бишкек мэриясынын Жеке турак жай, курулуш департаментинин адиси;
  • 2010 - 2011 — Бишкек мэриясынын Жеке турак жай, курулуш департаментинин жетектөөчү адиси;
  • 2011 - 2012 — Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинин башкы адиси;
  • 2016- 2019 — Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018- 2019 — Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
  • 2019-2020 — Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы;

Ал 2020-жылдын декабрында Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалган. 2021-жылдын июль айында УКМК Бишкектин вице-мери Азамат Сагындык уулун шаардагы кафелердин биринин кожоюнунан пара талап кылды деген шек менен кармаган.

881
Белгилер:
Азамат Сагындык уулу, таржымал, Өмүр баяны
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович өмүр баяны

5811
Абсаттар Сыргабаев 1976-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Жалал-Абад коммерциялык институтун, кийин Ош мамлекеттик университетин бүткөн. ЖОЖдордон экономика, юридика жаатында окуган.

Эмгек жолу:

  • 1998-2000 — "Мээрим-Ай" өндүрүштүк-коммерциялык фирмада экспедитор;
  • 2000-2005 — "Арион-Стар" ЖЧКсында директор;
  • 2005-2006 — Жалал-Абад облустук финансы полициясында кызматкер;
  • 2006-2010 — Финансы полициясынын Тогуз-Торо, Сузак райондук башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2011-2012 — Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
  • 2012-2016 — жеке ишкер;
  • 2016-2020 — Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2020-2021 — өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү;
  • 2021-жыл, июль — президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;

Чини: Финансы полициясынын ага лейтенанты.

5811
Белгилер:
Өмүр баяны, Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад, Кыргызстан

Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы. Инфографика

0
Бишкек шаарында июль айында бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Ал эми үч бөлмөлүүлөр бир ай мурдагыга салыштырмалуу кымбаттады.
Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 608 жарнама каралды. Июль айында деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы арзандаган. Бир бөлмөлүү “элиталык” батирдин ижара акысы 2 800 сомго төмөндөгөн.

Бул айда эмереги бар бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. 105 жана 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер үчүн орто эсеп менен 2 500 сомго көбүрөөк төлөш керек болот. Ал эми 104-сериядагылар 800 сомго өскөн.

Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы болсо 600 сомго кымбаттаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, июль айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 14 100 сом (12 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 13 800 (10 000ден 18 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 300 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 15 900 (9 000ден 25 400гө чейин);
  • "Элитка" — 21 400 (15 000ден 29 600гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 6 600 (5 000ден 8 500гө чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 17 400 сом (12 000ден 23 000ге чейин);
  • 105-серия — 17 700 (12 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 19 600 (14 000ден 28 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 22 000 (12 000ден 35 000ге чейин);
  • "Элитка" — 36 400 (20 000ден 59 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 22 600 сом (17 500дөн 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 24 500 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • 106-серия — 27 700 (16 900дөн 33 900гө чейин);
  • Жеке типтегилер — 28 900 (19 000ден 63 300гө чейин);
  • "Элитка" — 58 100 (25 400дөн 110 200гө чейин).
0
Белгилер:
инфографика, акы, ижара, батир, Бишкек