Сатышов Токтомамбет Сатышович — өмүр баяны

© Фото / Пресс-служба ГосархстрояДиректор Госагентства архитектуры, строительства и ЖКХ Токтомамбет Сатышов
Директор Госагентства архитектуры, строительства и ЖКХ Токтомамбет Сатышов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жаңы директорунун ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстандан окуңуз.
Токтомамбет Сатышов 1957-жылы 15-апрелде Токтогул районунда туулган.
1975-жылы Фрунзе курулуш техникумунан өнөр жай, жарандык курулуш адистиги боюнча билимге ээ болгон. 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 1988-жылы Марксизм-ленинизм университетин аяктаган. 1995-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист-укук таануучу адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 1975 — Кара-Көлдөгү Токтогул ГЭСинде негизги курулуштардын жумушчусу;
  • 1980-1983 — мастер, Кара-Көлдө "Нарынгидроэнергострой" тутумунда участканын башчысы;
  • 1983 — "Юждортранстрой" трестинин Ош курулуш-монтаждоо башкармалыгынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн ага инженери;
  • 1984 — Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын Ош облусу боюнча башкы инспектору;
  • 1987 — Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын Ош облусу боюнча башкы инженери;
  • 1989 — Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын Ош облусу боюнча начальниги;
  • 2008 — Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча мамлекеттик экспертиза башкармалыгынын башчысы;
  • 2011 — Мамлекеттик архитектура, курулуш көзөмөл башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча башчысы болуп иштеген;
  • 2014 — Мамлекеттик архитектура, курулуш агенттигинин байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын көз карандысыз эксперти;
  • 2018 — Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин курулуш объектилеринин сапатын көзөмөлдөө боюнча аудитор;
  • 2019 — Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык тобунун башкы инженери;
  • 2021-жылдын июлунда Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп дайындалды
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу.
Жаңылыктар түрмөгү
0