Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: АКШ Чыгыш Европага күчтөрдү көбүрөөк жайгаштырууну карап жатат

© AP Photo / U.S. Marine Corps / Sgt. Isaiah CampbellАКШнын аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Буга чейин НАТО союздаштарын кризис маалында коргоо үчүн альянска кирген мамлекеттерге күчтөрдү жайгаштырарын билдирген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы учурда Европада турган америкалык аскерлерди Чыгыш Европага көбүрөөк жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу CNN АКШдагы маалымат булагына шилтеме кылып билдиргенин РИА Новости жазды.
Аскерлерди Чыгыш Европага көчүрүү Россиянын Украинаны демилитаризациялоо (же куралсыздандыруу) боюнча атайын операциясынын фонунда ишке ашырыла турганы белгиленген.
Буга чейин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг туруктуу өкүлдөр коргонуу планын ишке ашырууну макулдашканын билдирген. Анда союздаштарды кризис маалында коргоо үчүн альянска кирген мамлекеттерге күчтөрдү жайгаштыруу каралган.
Бүгүн, 24-февралдын таңынан тарта, Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача, курчуган өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып жатып Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
НАТОнун эмблемасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: Украинага аскер жөнөтүү НАТОнун планында жок
Жаңылыктар түрмөгү
0