Татиков Руслан Сатылганович — өмүр баяны

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель управления государственных долгов Министерства финансов Руслан Татиков
Руководитель управления государственных долгов Министерства финансов Руслан Татиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Руслан Татиков 1982-жылы 16-апрелде Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында туулган. Мамлекеттик жарандык кызматтын экинчи класстагы кеңешчиси чини бар.

Билими:

  • 1999-2004 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде экономика факультетин артыкчылык менен аяктаган.
  • 2004-2006 — TeachEx / EdNet (Educational Network Academy) академиясында магистратураны бүткөн. Адистиги — бизнес башкаруу;
  • 2012-2014 — Япониянын Киото шаарындагы Дошиша университетинде магистратурада окуган. Адистиги — мамлекеттик башкаруу;

Кошумча билими:

  • Жаратылыш ресурстарына бай өлкөлөрдө макроэкономиканы жөнгө салуу (Австрия, Вена, сентябрь 2016-жыл);
  • Фискалдык саясатты анализдөө (Австрия, Вена, январь 2017-жыл);
  • Микроэкономикалык диагностика (Австрия, Вена, апрель 2018-жыл).

Эмгек жолу:

  • 2007-жылдан ушул кезге чейин Экономика жана финансы министрлигинде бир катар кызматтарды аркалаган.
  • 2004-2007 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде экономика факультетинин мугалими;
  • 2007-2008 — Бюджеттик саясат башкармалыгынын орто мөөнөткө божомолдоо бөлүмүнүн адиси;
  • 2008-2009 — Финансылык отчёт жана ички аудит методологиясы башкармалыгынын мамлекеттик сектордогу отчёттуулук жана бухгалтердик эсеп методологиясы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2009-2010 — Эл аралык кызматташтык жана тышкы жардамдарды координациялоо башкармалыгынын Тышкы байланыштар, техникалык программалык жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2010 — финансы министринин жардамчысы, Бюджеттик саясатты ишке ашыруу башкы башкармалыгынын фискалдык тобокелчиликтерди анализдөө бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2010-2018 — Экономика тармагынын чыгашаларын пландоо башкармалыгынын Транспорт, байланыш отун-энергетика комплекси бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018-2021 — Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2021-жыл, август — экономика жана финансы министринин орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0