Аткаминер. Иллюстративдик сүрөт

Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна өмүр баяны

26069
(жаңыланган 15:07 10.09.2021)
Орозайым Нарматова 1994-жылы 19-февралда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кара-Дыйкан айылында туулган. 2013-жылы Москвадагы колледжди бухгалтер-экономист адистиги боюнча аяктаган.

2017-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Бутун Кыргызстан Орозайым Нарматова
© Фото / из личного архива Орозайым Нарматовой
Орозайым Нарматова

Эмгек жолу:

  • 2012 — Москвадагы "Мекенчил Жаш" коомдук бирикмеси менен гезитинин маалыматтык порталынын кабарчысы;
  • 2013 — Москвадагы "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү жана башкы редактору;
  • 2014 — "Жаштар коому" менен "Единая Россия" саясий партияларынын жаштар канатынын ортосундагы достук мамилелеринин активисти;
  • 2015-2017 — "Мекенчил" партиясынын теңтөрайымы;
  • 2016 — Россиядагы "Айымдар" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы;
  • 2017 — "Мен макул эмесмин" кыймылынын активисти;
  • 2020 — "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. 

Орозайым Нарматова учурда ишкерлик менен алектенет. "Менин укугум бар" коомдук кыймылынын активисти жана Москвадагы эркин журналист.

26069
Белгилер:
журналист, активист, биография, Өмүр баяны
Нурадил Баясов. Архив

Шыкмаматовдун ордуна келе турчу Нурадил Баясов тууралуу эмне белгилүү

17
Нурадил Баясов 1989-жылы 18-сентябрда Талас шаарында туулган. Эки жогорку билими бар экени айтылды.

Билими:

  • 2005-2008 — Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы соода-экономикалык колледжи, банктык иш факультети;
  • 2008-2012 — президенттин алдындагы Башкаруу академиясында финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2012 — Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясат жана тышкы соода бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2012 — Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясат жана тышкы соода бөлүмүндө башкы адистин милдетин аткаруучу;
  • 2013 — Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгындагы салык саясаты бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2014 — Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк башкармалыгынын инвестицияны илгерилетүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2017 — Экономика министрлигинде инвестицияны илгерилетүү агенттигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти;
  • 2017-жыл октябрь — Экономика министрлигинде инвестицияны илгерилетүү агенттигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2019 — КР инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттигинин инвестицияны тартуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2019-жыл, март айы — өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестиция бөлүмүнүн макроэкономика жана интеграциялык процесстер боюнча сектордун башчысы;
  • 2020-жылдын август айынан октябрга чейин Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттигинин жетекчисинин орун басары;
  • 2020-2021 — өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө караштуу инвестиция жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк секторунун башчысы;
  • 2021-жылдын июль айынан сентябрга чейин КР инвестиция министринин орун басары;
  • 2021-жылдын 28-сентябрынан тарта КР инвестиция министринин милдетин аткаруучу.
17
Белгилер:
Өмүр баяны, инвестициялар, кызмат, Нурадил Баясов
Аткаминер. Архив

Абдыгуловдун ордуна келчү Кубанычбек Бөкөнтаев тууралуу эмне белгилүү

105
(жаңыланган 13:11 28.09.2021)
Кубанычбек Бөкөнтаев 1969-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунда туулган. Анын Улуттук банкка төрага болушу күтүлүүдө.

Билими:

  • 1992 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1992 — Кыргызстандын коммерциялык банктарында экономисттен тарта директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучуга чейин жеткен;
  • 2003 — "Экономика. Банки. Бизнес" гезитинин башкы редактору, башкы директор;
  • 2006 — 2010 - президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
  • Мындан тышкары, ал Кыргызстандын депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон.
105
Белгилер:
Кубанычбек Бөкөнтаев, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
Орозов Талайбек Саратанбекович — өмүр баяны
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

616
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

616
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти