Айдоочулук 9 категориясы бар. "Унаанын" жетекчиси Жокоевдин өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Рустам Жокоев 1987-жылы 6-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2010-жылы И.Раззаков атындагы техникалык университеттен "Жол кыймылын уюштуруу" адистигине ээ болгон. Учурда президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында билим алууда. 

© Фото / пресс-служба Государственного учреждения "Унаа""Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев
Айдоочулук 9 категориясы бар. Унаанын жетекчиси Жокоевдин өмүр баяны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев

Техникалык орто билимди 2001-жылы №47 кесиптик лицейдин "Айыл чарба өндүрүшү" бөлүмүнөн алган. Тракторист-машинист, III разряддагы слесарь оңдоочу. 2004-жылы №94 кесиптик лицейден электромеханик адистигине ээ.

Эмгек жолу:

  • 2010-2013 — "Билим-Агро" ишканасы, инженер-механик:
  • 9.03.2016 - 20.10.2016 — Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Атайын технологиялык машиналарды каттоо боюнча Чүй-Талас аймактык бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 20.10.2016 - 13.04.2018 — Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо жана экзамен алуу бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 30.04.2018 - 09.03.2019 — Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо жана экзамен алуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 09.03.2019 - 17.09.2019 — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн адиси;
  • 17.09.2019 - 29.07.2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 03.08.2020 - 14.12.2020 — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
  • 12. 2020 - 09. 2021 — Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы "Кыргыз мамлекеттик "Ала-Арча" жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесинин директору.
  • 16.09-2021-жылдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси.

Класстык чини: мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору.

А, А1, В, В1, С, С1, D, BE, CE — 9 категориядагы айдоочулук күбөлүктүн ээси.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0