Эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болгон Айваз Оморканов

Эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болгон Оморкановдун өмүр баяны

699
(жаңыланган 23:04 25.09.2021)
Айваз Оморкановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан окуңуз.

Кыргызстандык хоккей функционери Айваз Оморканов 25-сентябрь күнү Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланган

Спорттук уюмдун жетекчилигине шайлоо Эл аралык федерациянын (IIHF) Санкт-Петербургдагы конгрессинде өткөн. Федерациянын сайтындагы расмий маалыматка караганда, кыргызстандык 62, ал эми атаандашы Томас Ву 40 добуш алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от IIHF (@iihfhockey)

Федерациянын президенти болуп 68 жаштагы француз Люк Тардиф болду. Ал IIHF уюмун 1994-жылдан бери жетектеп келген Рене Фазелдин ордуна келди.

Sputnik редакциясы Айваз Оморкановдун эмгек жолу боюнча фактыларды топтоду. Анын өмүр баяны Хоккей боюнча эл аралык федерациянын сайтына жарыяланды.

Оморканов 1996-жылдын 2-июнунда Бишкекте төрөлгөн. Жети жылдай Кытайда жашап, окуган.

Эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алган. Мындан сырткары, Кыргыз улуттук университетинен бакалавр даражасын алган. Учурда КР ТИМинин Дипломатиялык академиясында магистратурада окуп жатат.

Төрт жылдай Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасында ойногон. Триатлон менен дагы алектенип, Ironman 70.3 дүйнөлүк чемпионатына катышуу үчүн квалификациядан өтүүгө жетишкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aivaz Omorkanov (@aivazomorkanov)

Азыркы кызмат ордуна келгенге чейин Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери болуп иштеген.

Хоккей боюнча эл аралык федерациянын кеңешинин тарыхындагы эң жаш мүчөсү.

Айваз Оморканов кыргызча, кытайча жана орусча эркин сүйлөйт.

699
Белгилер:
Кыргызстан, хоккей, федерация, Айваз Оморканов
Нарын шаарынын мэри Арслан Сталбек уулу

Нарын шаарына мэр болгон Арслан Сталбек уулу тууралуу эмне белгилүү

973
(жаңыланган 13:07 22.10.2021)
Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. Ал "Ататүрк — Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы, насыя жана банк иштери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2013-2015 — KICB банкында насыя боюнча эксперт;
  • 2015 — "Бакай банкы" ААКсында насыя боюнча эксперт;
  • 2016-2017 — "Бакай банкы" ААКсында насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — "Азия банкы" ЖАКта насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • 2020-2021 — С. Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • 2021 — "М.СТАРД" курулуш компаниясынын директорунун орун басары.
  • 2021-жылдын октябрь айы — Нарын шаарынын мэри.

Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

973
Белгилер:
Арслан Сталбек уулу, Өмүр баяны, таржымал, мэр, Нарын шаары
Тема боюнча
Ош шаарына мэр болгон Алмаз Мамбетовдун өмүр баяны
Аткаминер. Архив

Сарбанов Улан Кытайбекович өмүр баяны

96
(жаңыланган 13:50 19.10.2021)
Улан Сарбанов 1967-жылдын 28-майында туулган. 1991-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1999-2001-жылдары Москва шаарындагы Мамлекеттик башкаруу университетинде билимин тереңдетип, экономика илимдеринин кандидаты болгон.

Эмгек жолу:

  • 1991-1993 — Новосибирск шаарындагы Экономика жана өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу институтунда кенже кызматкер;
  • 1993-2006 — КР Улуттук банкында башкы инженерден тарта башкармалыктын төрагалыгына чейин жеткен;
  • 2001-2002 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде мугалим;
  • 2003-2007 — Кыргыз улуттук университетинде банк менеджменти кафедрасынын жетекчиси;
  • 2007-2008 — "Экобанк" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2007-2011 — Кыргыз улуттук университетинде мугалим;
  • 2008-2009 — "Демир кыргыз интернэшнл банк" ЖАКсында директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2009-2010 — "АУБ-Благотворительность" фондунун аткаруучу директору;
  • 2009 – 2011 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде камкорчулар кеңешинин мүчөсү;
  • 2011-2013 — Евразия өнүктүрүү банкында бөлүм башчы;
  • 2013-2015 — "Россия инвестиция банкы" ААКсында директорлор кеңешинин мүчөсү, башкармалык төрагасы;
  • 2014-2021 — КРдин депозиттерди коргоо агенттининин консультативдик-адистик кеңешинин мүчөсү;
  • 2015-2021 — Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңештин мүчөсү;
  • 2015-2016 — "Россия инвестиция банкы" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2019-2020 — Улуттук илимдер академиясында башкы илимий кызматкер;
  • 2021-жылдын 19-октябрынан тарта Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси.

Орус, англис тилдеринде сүйлөй алат. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

96
Белгилер:
Улан Сарбанов, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
Кошбаков Кайрат Зулпукарович — өмүр баяны
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу