Нурадил Баясов. Архив

Шыкмаматовдун ордуна келе турчу Нурадил Баясов тууралуу эмне белгилүү

78
Нурадил Баясов 1989-жылы 18-сентябрда Талас шаарында туулган. Эки жогорку билими бар экени айтылды.

Билими:

  • 2005-2008 — Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы соода-экономикалык колледжи, банктык иш факультети;
  • 2008-2012 — президенттин алдындагы Башкаруу академиясында финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2012 — Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясат жана тышкы соода бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2012 — Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясат жана тышкы соода бөлүмүндө башкы адистин милдетин аткаруучу;
  • 2013 — Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгындагы салык саясаты бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2014 — Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк башкармалыгынын инвестицияны илгерилетүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • 2017 — Экономика министрлигинде инвестицияны илгерилетүү агенттигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти;
  • 2017-жыл октябрь — Экономика министрлигинде инвестицияны илгерилетүү агенттигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2019 — КР инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттигинин инвестицияны тартуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2019-жыл, март айы — өкмөттүн аппаратында экономика жана инвестиция бөлүмүнүн макроэкономика жана интеграциялык процесстер боюнча сектордун башчысы;
  • 2020-жылдын август айынан октябрга чейин Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттигинин жетекчисинин орун басары;
  • 2020-2021 — өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө караштуу инвестиция жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк секторунун башчысы;
  • 2021-жылдын июль айынан сентябрга чейин КР инвестиция министринин орун басары;
  • 2021-жылдын 28-сентябрынан тарта КР инвестиция министринин милдетин аткаруучу.
78
Белгилер:
Өмүр баяны, инвестициялар, кызмат, Нурадил Баясов
Аткаминер. Архив

Сарбанов Улан Кытайбекович өмүр баяны

42
(жаңыланган 13:50 19.10.2021)
Улан Сарбанов 1967-жылдын 28-майында туулган. 1991-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1999-2001-жылдары Москва шаарындагы Мамлекеттик башкаруу университетинде билимин тереңдетип, экономика илимдеринин кандидаты болгон.

Эмгек жолу:

  • 1991-1993 — Новосибирск шаарындагы Экономика жана өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу институтунда кенже кызматкер;
  • 1993-2006 — КР Улуттук банкында башкы инженерден тарта башкармалыктын төрагалыгына чейин жеткен;
  • 2001-2002 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде мугалим;
  • 2003-2007 — Кыргыз улуттук университетинде банк менеджменти кафедрасынын жетекчиси;
  • 2007-2008 — "Экобанк" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2007-2011 — Кыргыз улуттук университетинде мугалим;
  • 2008-2009 — "Демир кыргыз интернэшнл банк" ЖАКсында директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2009-2010 — "АУБ-Благотворительность" фондунун аткаруучу директору;
  • 2009 – 2011 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде камкорчулар кеңешинин мүчөсү;
  • 2011-2013 — Евразия өнүктүрүү банкында бөлүм башчы;
  • 2013-2015 — "Россия инвестиция банкы" ААКсында директорлор кеңешинин мүчөсү, башкармалык төрагасы;
  • 2014-2021 — КРдин депозиттерди коргоо агенттининин консультативдик-адистик кеңешинин мүчөсү;
  • 2015-2021 — Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңештин мүчөсү;
  • 2015-2016 — "Россия инвестиция банкы" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2019-2020 — Улуттук илимдер академиясында башкы илимий кызматкер;
  • 2021-жылдын 19-октябрынан тарта Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси.

Орус, англис тилдеринде сүйлөй алат. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

42
Белгилер:
Улан Сарбанов, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
Кошбаков Кайрат Зулпукарович — өмүр баяны
Портфельчен адам. Иллюстативдүү сүрөт

Кошбаков Кайрат Зулпукарович өмүр баяны

29
(жаңыланган 11:09 19.10.2021)
Кайрат Кошбаков 1986-жылдын 3-февралында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында туулган. 2010-жылы Ош мамлекеттик университетин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун менеджери адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2009 — "Юг-Риелт" ишканасында кыймылсыз мүлк боюнча агент;
  • 2009-2010 — Trimex ЖЧКсында айдоочу-экспедитор;
  • 2011-2013 — Arabian Oryx Travel & Tourism (Дубай, БАЭ) компаниясында туристтерди тартуу боюнча менеджер;
  • 2011-2014 — Damac Proprties LLC (Дубай, БАЭ) кыймылсыз мүлк боюнча агент;
  • 2013-2015 — Greenline Marina Cargo LLC (Дубай, БАЭ) логистикалык компаниясында менеджер;
  • 2015-2020 — "Зейн-Кейджи" кадрларды тандоо агенттигинин башкы директору;
  • 2018-2019 — Nation Migration International иммиграциялык консультация борборунда агент;
  • 2020-жылдын апрель-июнь айларында — Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси;
  • 2021-жылдын 19-октябрынан тарта КР президентинин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү.

Бир нече чет тилде сүйлөйт. Үй-бүлөлүү.

29
Белгилер:
Өмүр баяны, Кайрат Кошбаков
Кабулдун четиндеги талибтер

Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай

20
Кабулдан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылып, Афганистанда америкалык өкмөт кулагандан бери деле ири шаарларда терактылар уланууда.

Өлкөнүн түштүгүндө талибдер саясий атаандаштары менен кармашып, республиканын экономикасы күндөн-күнгө кыйрап барат. Убактылуу өкмөт эл аралык саясий активдүүлүгүн көрсөткөнү менен көп улуттуу 40 миллион калктын мүдөөсүн эске алган жок.

20-октябрда афган борбор калаасынын кыйма-чийме түшкөн Дехмзанг кесилишинде теракт болду. Бул кайгылуу окуяга кейиген аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы жагдайга кайрадан сереп салган.

Бул каргашанын курмандыктарынын так саны азырынча белгисиз. Middle East Press агенттиги куралчандар кесилиштеги полиция тилкесин аткылап, бир кызматкер набыт болуп, дагы бири жарадар болгон. Кол салгандар изин жашырып кеткен, эч бир топ бул окуяга жоопкерчилик албаганы менен ИМ* уюмунун мурдагы терактыларын эске салат.

Афганистандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ("Талибандын"* мүчөлөрү): "Бүлгүн салуучу күчтөр кырдаалды туруксуздаштырып, жаңы өкмөттү өлкөдөгү, анын ичинде борбор калаадагы абалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз катары көрсөтүүнү көздөп жатат",  — деп билдирүүдө.

Талибдер Афганистандагы ИМ* ишмердигин чет өлкөлүк атайын кызматтар тескейт деп эсептешет. Кантсе да талибдер мамлекеттик башкаруу жана жай жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу аракеттерине караганда "бүлгүн салуучу күчтөр" туруксуздаштырууда кыйла ийгиликтүү болууда.

Ушундай жагдайдан улам Москвада 20-октябрда РФ тышкы иштер министри, Пакистандын атайын өкүлү, талибдердин делегациясынын катышуусунда Афганистан боюнча жолугушуу өттү. Анда аталган өлкөдөгү абал жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу боюнча эл аралык аракеттер талкууланды.

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров афгандыктарга коркунуч негизинен ИМ* жана "Аль-Каид"* тарабынан жаралып жатканын белгиледи. Анын алдында эле РФтин аталган республикадагы элчиси Дмитрий Жирнов талибдердин бийлигин таанууга азырынча эртелик кыларын айткан. Ошентсе да жакын арада Москва Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтмөкчү. Ал эми АКШ Каржы министрлиги миллиондогон афгандыктар кабылган капсалаңга карабай Афганистандын мамлекеттик резервдерин ачууга ашыкпайт.

Жардыруулар, салгылаш, экономикалык кыйроо

"Талибан"* кыймылы Пентагон жана НАТО күчтөрү менен кармашта ийгиликке жетишкени Афганистанга Ирак, Сириядагы согуштук аракеттерде бир топ дасыгып калган ИМ* террорчулары агылды. 15-октябрда согушкерлер Кандагардагы шииттердин мечитине чабуул койду, 130дан ашуун адам жабыр тартты. Болгондо да теракты атайын операциядай уюштурулган. Адегенде автоматтык куралдар ок чачып, жанкечти өзүн жардыруу менен аяктаган. Мечитке кол салууга жоопкерчиликти Афганистанда талибдердин бийлигинин негизги атаандашына айланып бараткан "Ислам мамлекети"* мойнуна алды.

Кабулдагы америкалык өкмөт кулагандан бери эле афган маалымат каражаттарында 17 теракты тууралуу кабарланды. Көпчүлүгүнүн аркасында "Ислам мамлекети"* турат. Борбордогу, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы терактыларда 600 чакты киши жабырланган.

8-октябрда Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги жардыруу 120 кишинин өмүрүн алды. 160тан ашуун адам жаракат алды. Терактылар ачык эле талибдерге каршы мүнөздө. Мисалга, 3-октябрда Кабулдагы Идгах мечити таасирдүү талибдердин бири Забихулла Мужахиддин апасын узатуу зыйнаты өтүп жаткан маалда жардырылды.

Түндүктөгү Баглан провинциясынын аймагында талибдер Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун кошуундары менен салгылашууда. Эске салсак, аталган кыймылды тажик тектүү кенже Ахмад Масуд жетектейт. Пули-Хисар жана Дих-Салах уезддеринде талибдер 60 жоокеринен айрылып, чегинүүгө аргасыз болушту.

Ахмад Масуд мекендештерине террорчул "Талибан"* кыймылынын бийлигине каршы көтөрүлүүгө кайрадан чакырык таштады. Анан да өзү башында турган каршылык көрсөтүү күчтөрү "Панжшер өрөөнүн куткаруу ниетинен" кайтпай турганын белгиледи. Андан мурдараак Масуддун кошуундары "Гиндукуштагы партизандык аракеттер Пакистанга "Талибанга"* түз жардам көрсөтүүгө" жол бербестигин жар салган. Ошол себептен Панжшер провинциясын толук көзөмөлгө алды деген талибдердин маалыматы чындыкка коошобу деген түкшүмөл суроолорду жаратат.

"Талибан"* бийлигине "ички легитимдүүлүк" жетишпей турганы анык. Мунсуз жаңы бийликтин эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы мүмкүн эмес экенин айтат Афган ислам республикасынын мурдагы президенти Хамид Карзай.

Тажик-афган чек арасынан күн сайын Афганистандан 600гө чукул жаран өтүүгө жан үрөйт. Тажикстанда алардын саны 15 миңден ашып калды. Мыйзамсыз афган качкындарынын алды Польша чек арасына дейре жетти.

"Эмирликте" азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы өсүүдө. Эл аралык валюталык фонд 2021-жылы афган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт деп жоромолдоодо. Ошол эле убакта Дүйнөлүк банк, АКШ Каржы министрлиги сымал эле аталган фонд да талибдердин ресурстарды алышына бөгөт койгон.

Сыягы учурда өлкөдө кармана турган жалгыз киреше булагы маңзат трафиги жана кызыкдар коңшуларга америкалыктар калтырып кеткен куралдарды сатуу же алмашуу жолу гана калды өңдөнөт.

Чек арадагы кырдаал

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Москвада талибдер менен гуманитардык маселени чечип жатса, коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстан жана Өзбекстан аймагында афган чек араларына жакын жерлерде аскердик машыгууларга көз салууда. Россиялык эки министр тең Россия жана өз союздаштарынын коопсуздугун ар кыл ыкмалар менен камсыздоо далалатында.

Афганистанда жыйырманын тегерегинде террордук топ бар. Алардын айрымдары Борбор Азияга басып кирүүгө даяр. Маселен, экстремисттик "Хаккани түйүнү"* бийликтеги "Талибандын"* курамында туруп да өз алдынча аракеттерге барып, "Аль-Каида"* менен тыгыз байланышта.

Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолукканда Афганистандын түндүгүндө ИМдин* эки миңге чукул согушкери турганын кабарлап, Афганистан чек арасында террорчуларды биргеликте ооздуктоого чакырган.

Географиялык коңшулардын реакциясы мыйзам ченемдүү. Тажикстандын Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө алты мамлекеттин күчтөрү Афганистандан күтүлгөн террорчулардын мизин ыкчам кайтаруунун варианттарын иштеп чыгууда.

"Эшелон", "Издөө" атайын операцияларын жана ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын Россиянын Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин жеке өзү көзөмөлдөөдө. Аскердик окууларга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 4000 жоокер катышып, 500дөн ашуун аскердик техника тартылган.

Тажикстандагы бул иш-чарада душмандын жерин аныктап, жок кылуучу жаңы технологиялар сыналып, мобилдик радиолокациялык станциялар, чалгындоочу-сокку уруучу дрондор, ыраактан көзгө атар винтовкалар, радио электрондук күрөш тутумдары пайдаланылууда.

Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасынын төрт даана СУ-25 чабуул коюучу учагынын Тажикстанга жеткирилиши да авиациялык күчтү даана көрсөтүүдө. Булардын баары көйгөйлүү республикага чектеш аймактарда күтүлгөн куралдуу кагылыштардын баштапкы баскычында басып, чечкиндүү сокку урууга мүмкүндүк берет. Россиялык аскерлер Борбор Азия өлкөлөрүндө жок жогорку технологиялык курал жана аскердик тажрыйбага ээ экенин белгилей кетели.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

20
Белгилер:
Афганистан, Кабул, Теракт, согуш, техника, көзөмөл, 'Талибан' кыймылы
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур