Ибраев Саматбек Кулукеевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИбраев Саматбек Кулукеевич
Ибраев Саматбек Кулукеевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Саматбек Ибраев 1965-жылдын 25-февралында Ош облусунун Араван районунда туулган. 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтун (ФПИ, Исхак Раззаков атындагы КМТУ) "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган.

2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен юридикалык билим алган. 1984-1986-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

  • 1989 — ФПИде илимий-чарбалык жаат боюнча инженер;
  • 1990-1996 — ФПИде окутуучу;
  • 1996-2000 — "Имарат Сервис" ЖЧКсында курулуш боюнча директор;
  • 2000-2007 — "Промсталь" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2007-2015 — "Строймир" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. "Саякбай манасчы" фондун башкара баштаган;
  • 2017-2020 — Жогорку Кеңеш аппаратынын жетекчиси;
  • 2020-жылдын апрель айынан бери Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0