Президенттин мурдагы кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив

Президентке кеңешчи болгон Чолпонбек Абыкеев тууралуу эмне белгилүү

72
(жаңыланган 13:34 12.10.2021)
Президентке жаңыдан кеңешчи болуп дайындалган Чолпонбек Абыкеевдин эмгек жолу тууралуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын "Таржымалынан" окуңуз.

Чолпонбек Абыкеев 1956-жылдын 16-августунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Көк-Дөбө айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

  • 1990-жылы кыргыз тилдүү "Аалам" гезитин негиздеп, аны түптөгөн. Басылмада 2005-жылга чейин башкы редактор болуп эмгектенген.
  • "Аалам" гезитинен кеткенден кийин өлкө президентинин коомчулук менен байланыш бөлүмүндө башчы болуп иштеген.
  • 2008-ж. апрель — Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин директору;
  • 2009-ж. декабрь — Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин директору;
  • 2020-ж. 25-ноябрь — Конституциянын учурдагы редакциясын иштеп чыккан Конституциялык жыйындын мүчөсү;
  • 2021-жылдын май айында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси кызматына бекитилген;

Президент Садыр Жапаровдун 2-июлдагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалган.

72
Белгилер:
Чолпонбек Абыкеев, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
ИИМ министринин жаңы орун басары Бийбосуновдун өмүр баяны
Медербек Сыдыков Кыргыз футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Өмүр баяны
Нарын шаарынын мэри Арслан Сталбек уулу

Нарын шаарына мэр болгон Арслан Сталбек уулу тууралуу эмне белгилүү

979
(жаңыланган 13:07 22.10.2021)
Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. Ал "Ататүрк — Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы, насыя жана банк иштери адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2013-2015 — KICB банкында насыя боюнча эксперт;
  • 2015 — "Бакай банкы" ААКсында насыя боюнча эксперт;
  • 2016-2017 — "Бакай банкы" ААКсында насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — "Азия банкы" ЖАКта насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • 2020-2021 — С. Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • 2021 — "М.СТАРД" курулуш компаниясынын директорунун орун басары.
  • 2021-жылдын октябрь айы — Нарын шаарынын мэри.

Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

979
Белгилер:
Арслан Сталбек уулу, Өмүр баяны, таржымал, мэр, Нарын шаары
Тема боюнча
Ош шаарына мэр болгон Алмаз Мамбетовдун өмүр баяны
Аткаминер. Архив

Сарбанов Улан Кытайбекович өмүр баяны

96
(жаңыланган 13:50 19.10.2021)
Улан Сарбанов 1967-жылдын 28-майында туулган. 1991-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1999-2001-жылдары Москва шаарындагы Мамлекеттик башкаруу университетинде билимин тереңдетип, экономика илимдеринин кандидаты болгон.

Эмгек жолу:

  • 1991-1993 — Новосибирск шаарындагы Экономика жана өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу институтунда кенже кызматкер;
  • 1993-2006 — КР Улуттук банкында башкы инженерден тарта башкармалыктын төрагалыгына чейин жеткен;
  • 2001-2002 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде мугалим;
  • 2003-2007 — Кыргыз улуттук университетинде банк менеджменти кафедрасынын жетекчиси;
  • 2007-2008 — "Экобанк" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2007-2011 — Кыргыз улуттук университетинде мугалим;
  • 2008-2009 — "Демир кыргыз интернэшнл банк" ЖАКсында директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2009-2010 — "АУБ-Благотворительность" фондунун аткаруучу директору;
  • 2009 – 2011 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде камкорчулар кеңешинин мүчөсү;
  • 2011-2013 — Евразия өнүктүрүү банкында бөлүм башчы;
  • 2013-2015 — "Россия инвестиция банкы" ААКсында директорлор кеңешинин мүчөсү, башкармалык төрагасы;
  • 2014-2021 — КРдин депозиттерди коргоо агенттининин консультативдик-адистик кеңешинин мүчөсү;
  • 2015-2021 — Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңештин мүчөсү;
  • 2015-2016 — "Россия инвестиция банкы" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
  • 2019-2020 — Улуттук илимдер академиясында башкы илимий кызматкер;
  • 2021-жылдын 19-октябрынан тарта Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси.

Орус, англис тилдеринде сүйлөй алат. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

96
Белгилер:
Улан Сарбанов, Өмүр баяны, таржымал
Тема боюнча
Кошбаков Кайрат Зулпукарович — өмүр баяны
Алтын куймалары. Архив

Электрондук алтын деген эмне? Кыргызстанда кантип пайда көрсө болот

0
(жаңыланган 11:16 26.10.2021)
Кыргызстанда каражат салуу жана инвестициялоо популярдуу болуп баратат. Sputnik Кыргызстан накталай эмес металлдык эсептин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдап көрүүнү чечти.

Дүйнөдө накталай эмес металлдык эсеп кеңири тараган. Кыргызстанда мындай кызматты бир нече банктар көрсөтөт.

Накталай эмес металлдык эсеп деген эмне?

Алтындын өзүн сатып албайсыз — аны сиздин эсебиңизге жазып берет. Эгер аталган баалуу металлдын баасы жогоруласа ошондон пайда көрөсүз. Аны өзүңүздүн эле банкыңызга сатсаңыз болот. Алдыда акча салуунун мындай түрүнүн артыкчылык жана кемчиликтерин талдап, алтынга болгон бааны билип көрөбүз.

Алтындын наркы дүйнөлүк котировкадан көз каранды, андыктан Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингине таянып бааны белгилейбиз. Жыл башында троялык унциянын (31,1 грамм) наркы олку-солку болуп, бирок жалпы трендде төмөндөдү. Январдан 22-октябрга чейин унция 1943,2 доллардан 1808,25ке чейин түшүп кетти.

Быйыл эле арзандаганы болбосо, буга чейин тынымсыз кымбаттап келгенин белгилей кетүү керек. Мисалы, өткөн жылдын башында унция 1527,1 доллар турса, 2019-жылдын январында 1282,9 долларга бааланган. Башкача айтканда, быйыл арзандаса да мурунку жылдарга салыштырмалуу баасы түшкөн жок.

Артыкчылыгы

Накталай эмес металлдык эсеби барлар алтын куймаларынын ээлериндей болуп баалуу металлын урдап кетет деп кооптонбойт. Демек, сактоо жагынан кооптуулук жок.

Накталай эмес эсептен сатып алынган алтын берки куймаларга караганда арзан болот. Себеби аны жасоо жана транспорт менен ташууга акча кетпейт. Мисал үчүн бир грамм куйма 6400 сомдон жогору, ал эми электрондук алтын 5200 сомго чукул турат. Ири куймаларда мындай айырма жок, бирок сиз анчалык көп өлчөмдө алууга чамаңыз жетеби?

Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
© Sputnik / Константин Михальчевский
Жеткиликтүү. Улуттук банктан эң азы бир грамм алтын сатып ала аласыз, ал эми накталай эмес металлдык эсептин алкагында 0,1 грамм сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Албетте, алтын эле эмес, платина, күмүш да сатып алса болот. Бул ыңгайлуу, себеби алардын баасы арзан, ошондой эле бир гана баалуу металлдын наркына көз карандуулук жаралбайт.

Салымдардын диверсификациясы. Мисалы, эгер сомдун курсу түшүп баратса, алтындын баасы өсөт. Мындай жол менен накталай эмес металлдык эсеп сомдун кунунан жоготкон акчанын ордун жаап берет.

Өтүмдүүлүгү жогору (ликвиддүү) — алтынды бардык банкка жумушчу күндөрү барып сатып, накталай акчасын ала аласыз. Ошол эле учурда финансылык мекемелерге барбай деле сатсаңыз болот. Ал үчүн накталай эмес металлдык эсеп уланган карточка жасатышыңыз керек, алтын ошол убактагы баа менен электрондук түрдө сомго конвертация болот.

Кемчилиги

Накталай эмес металлдык эсепте куймаларга караганда сатып алуу менен сатуунун ортосундагы айырма жогору.

Салыштыруу үчүн 25-октябрга карата маалыматты көрсөтөлү:

  • Улуттук банкта куйма: сатып алуу — 6 442 сом, сатуу — 6 410,5 (айырма 31,5 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "А" банкында: сатып алуу — 4 590, сатуу 5 190 (айырма 600 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "Б" банкында: сатып алуу — 4 735,27, сатуу 5 046,66 (айырма 311,4 сом).

Башкача айтканда, мындан пайда көрүү үчүн алтындын баасы өсүп турушу керек.

Накталай эмес металлдык эсеп камсыздандырылган эмес. Мамлекет салымдын 200 миң сомго чейинки суммасын сактоого кепилдик берет, эгер банкта жагымсыз жагдай жаралган болсо, электрондук алтынды кайтарып алуу оңойго турбайт.

Накталай эмес металлдык эсептен (куймалардан) депозит сыяктуу пайда көрүүгө эч ким кепилдик бербейт. Эгер алтын кымбаттаса жакшы, кокус арзандап кетсе артка кетесиз.

0
Белгилер:
алтын, металл, эсеп, артыкчылык, кемчилик, пайда, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду