Аалиев Азиз Кубанычбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба РКФРАалиев Азиз Кубанычбекович
Аалиев Азиз Кубанычбекович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Аалиев Азиз Кубанычбекович 1972-жылдын 3-апрелинде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Министрлер кабинетинин мүчөсү — өкмөт башчынын орун басары.
Жогорку билимдүү. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын экономика факультетин аяктаган. Исламабаддагы (Пакистан) Заманбап тилдер боюнча улуттук институтта англис тили боюнча атайын курстардан сабак алган.
Эмгек жолу:
  • 1994-1995 — Ысык-Көл облустук финансы башкармалыгынын алдыңкы адиси;
  • 1995 — Каракол шаардык администрациясынын алдыңкы адиси;
  • 1996 — Мамлекеттик инвестиция комитетинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдыңкы адиси;
  • 1997 — Караколдун аукциондук борборунун консультанты, Аймактык саясат башкармалыгынын алдыңкы адиси, Финансы министрлигинин Тышкы экономикалык саясат жана финансылык кызматташуу башкармалыгынын алдыңкы адиси;
  • 1997-1999 — Финансы министрлигинин Тышкы экономикалык саясат жана финансылык кызматташуу башкармалыгынын башкы адиси;
  • 1999-2000 — Финансы министрлигинин салык саясаты жана кирешени божомолдоо башкармалыгынын эл аралык салык мамилелери бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2000-2001 — Финансы министрлигинин Тышкы экономикалык саясат жана финансылык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2001 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар программасынын башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2001 — финансы министринин жардамчысы;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик секторду каржылоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2002-2003 — Дүйнөлүк банктын "Айылдарды каржылоо — 2" долбоорду башкарган бөлүмдүн директору;
  • 2003-2005 — Мамлекеттик башкаруу секторундагы GSAC-GTAC долбоорунун координатору;
  • 2005-2007 — Азия өнүктүрүү банкынын ЦАРЭС программасынын улуттук координатору;
  • 2007 — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
  • 2009 — Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысы;
  • 2019 — өкмөттүн аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2020 — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун жетекчиси;
  • 2021 — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0