Осоев Эркинбек Арстанбекович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОсоев Эркинбек Арстанбекович
Осоев Эркинбек Арстанбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Осоев Эркинбек Арстанбекович 1976-жылдын 14-октябрында төрөлгөн. Учурда Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри болуп дайындалды.
Билими жогору. 2000-жылы Кыргыз тоо-металлургиялык институтун инженер-эколог адистиги боюнча аяктаган.
2007-2009-жылдары Йокогама (Япония) шаарындагы улуттук университеттин магистратурасында окуган.
Эмгек жолу:
  • 1993-1995 — "А.К.А. Лтд" ЖЧКсынын жабдуу боюнча жумушчусу;
  • 2000 — "Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик ишканасынын техник-лаборанты;
  • 2000-2001 — Жалал-Абад — Өзгөн жолун реконструкциялоо боюнча "Дар Аль-Хандаса А.С." консалтинг компаниясынын инженер-консультанты;
  • 2001-2004 — "А.К.А. Лтд." ЖЧКсынын директорунун ассистенти;
  • 2004-2005 — "Кыргызжолтрансдолбоор" ишканасынын инженери;
  • 2005-2006 — Бишкек — Кордай автожолун реконструкциялоо боюнча "Дар Мухендислик Мушавирлик А.С." консалтинг фирмасынын инженер-консультанты;
  • 2006-2007 — Транспорт жана коммуникация министрлигинин Унаа жолдор башкармалыгынын башкы адиси;
  • 2009 — Транспорт жана коммуникация министрлигинин бөлүм башчысы;
  • 2009-2010 — Транспорт жана коммуникация маалымат-аналитикалык башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 2011-2016 — Транспорт жана коммуникация министрлигинин инженер-жолчусу;
  • 2016-2017 — транспорт жана коммуникация министринин орун басары;
  • 2017 — Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы;
  • 2021-жылдын август айынан бери транспорт жана коммуникация министри.
Жаңылыктар түрмөгү
0