Турсунбай Бакир уулу — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ата-Журт Кыргызстан" Турсунбай Бакир уулу
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Турсунбай Бакир уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Турсунбай Бакир уулу 1958-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин жана Шевченко атындагы Киев мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган. Философия илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
  • 1973 ― Кара-Суу тактай кампасында жыгач уста;
  • 1974 ― Кара-Суу РайПОсунда штукатур-маляр;
  • 1975 ― Ош СМУ-3 ишканасында I разряддагы жумушчу, бетончу;
  • 1976-1977 ― Фрунзе ЖБИ заводунун үй куруучу 2-комбинатында формовщик;
  • 1977-1979 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1981 — Россиянын Ростов шаарында коргоо өнөр жайынын эксперименттик өндүрүшүндө I тайпадагы мастер;
  • 1984-1987 ― Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу;
  • 1991-1995 ― Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу;
  • 1995-2000 ― Жогорку Кеңештин I чакырылышынын депутаты, эл аралык жана парламент аралык байланыштар боюнча комитеттин төрагасы;
  • 1998-2000 ― Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде Парламент аралык ассамблеянын тышкы саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
  • 1998-2000 ― КР президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы;
  • 2000-2002 ― Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты, геосаясат боюнча комиссиянын төрагасы;
  • 2002-2008 ― Кыргыз Республикасынын туңгуч акыйкатчысы;
  • 2009-2010 ― Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана айгарым укуктуу элчиси;
  • 2010-2015 ―Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
  • 2018 ― "Кыргызстандагы МЗФ групп" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2019 ― Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессордун милдетин аткаруучу.
Жаңылыктар түрмөгү
0