Калпаев Бактыяр Алиевич

Калпаев Бактыяр Алиевич өмүр баяны

33
(жаңыланган 14:27 05.11.2021)
Бактыяр Калпаев 1993-жылы 9-июлда Баткен шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын сот-прокуратура факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2011-2014 ― "Жаштилек" ЖЧКсында юрист;
  • 2014-2015 ― Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин юридикалык бөлүмүндө адис, башкы адистин милдетин аткаруучу;
  • 2016 ― Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун юридикалык бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2016-2018 ― "Партнер юридикалык компаниясы" ЖЧКсынын директору;
  • 2018-2019 ― Жогорку Кеңештин аппаратында эмгектенген.
33
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, 'Ата-Журт Кыргызстан' партиясы, Бактыяр Калпаев
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

8
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

8
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:58 29.11.2021)
Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — "Дизайн" биргелешкен ишканасынын каттоо долбоорунун кызматкери;
  • 1994-1995 — Ички иштер министрлигинин штаб башчысы;
  • 1995-2001 — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Финансы полициясында бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2002-2003 — Финансы полициясынын региондор аралык башкармалыгынын опер кызматкери;
  • 2005-2008 — Финансы министрлигинин Финансы полициясынын кадрлар боюнча адиси;
  • 2009-2012 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы полициясынын кызматкери;
  • 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого №35 Ак-Суу шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
7
Белгилер:
Акылбек Түмөнбаев, шайлоо, депутат, таржымал
Акча каражаттары. Архив

Жыл башынан бери депозиттин көлөмү 37,4 млрд. сомго көбөйдү

0
Акыркы айларда Кыргызстанда депозиттик база өсүүдө. Мисалы, октябрь айында көлөмү дээрлик 6,5 миллиард сомго көбөйгөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылы банктардагы депозиттердин көлөмү дээрлик 37,4 миллиард сомго көбөйдү, бул кезектеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыгуу менен келүүгө болот.

Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акча да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.

Өткөн жылдын аягында каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан соң бир аз азайып, кийин өсө баштаган, ал эми март айынан тарта жаңы рекорд койгон.

Октябрдын соңунда аманаттардын көлөмү 218,3 миллиард сомго чейин өскөн. Октябрь айында депозиттик база 6 миллиард 458,3 миллион сомго көбөйгөн.

0
Белгилер:
Улуттук банк, депозит, каражат, рекорд
Тема боюнча
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасындагы тобокел учурларды атады