Мамырова Бөдөш Аманбаевна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Мамырова Бөдөш Аманбаевна
Мамырова Бөдөш Аманбаевна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Бөдөш Мамырова 1957-жылы 14-июлда Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айылында туулган. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүрүп, окумуштуу агроном адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 1982-1991 — Айыл чарба илим-изилдөө институтунда лаборант, илимий кызматкер;
  • 1991-1995 — Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агрономия факультетинде айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү кафедрасында ассистент;
  • 1995-2000 — КР Илимдер академиясынын Ботаникалык багында өсүмдүктөрдүн физиологиясын изилдөө лабораториясында илимий кызматкер;
  • 2001 — "Ар намыс" саясий партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору. 2003-2015-жылга чейин саясий кеңештин мүчөсү;
  • 2001-2005 — "Азем" фондунун жетекчиси;
  • 2008-2010 — "Табият" экологиялык кыймылынын долбоор жетекчиси;
  • 2010-2010 — Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин милдетин аткаруучу;
  • 2010-2015 — Жогорку Кеңештин депутаты.
Үй-бүлөлүү. Бир кыз, эки уулдун энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0