Келдибеков Ахматбек Келдибекович

Келдибеков Ахматбек Келдибекович өмүр баяны

59
(жаңыланган 03:24 11.11.2021)
Ахматбек Келдибеков 1966-жылдын 15-июнунда Ош облусунун Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында туулган.

Билими:

  • 1990-жылы Воронеж политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-механик адистигине ээ болгон;
  • 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин Кайра даярдоо жана кадрлардын адистигин өркүндөтүү институтунун финансы жана кредит адистиги боюнча бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1986  — Алай районундагы "Правда" совхозунда жумушчу;
  • 1990-1992 — Илимдер академиясынын "Импульс" ИИБинде инженер;
  • 1992-1993 —  Илимдер академиясынын Машина куруу институтунун директорунун орун басары;
  • 1992-1994 — Экономика жана финансы министрлигинин тармактык өнөр жайды өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис;
  • 1994-2002 —  Финансы министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген;
  • 2002-2005 — Социалдык фонддун тѳрагасы;
  • 2005-2007 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2008-2010 — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
  • 2010-2015 —  Жогорку Кеңештин депутаты, төрага;
  • 2015 — “Ата-Журт” саясий партиясынын төрагасы.
59
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Ахматбек Келдибеков, таржымал
Тема боюнча
Сияев Таштанбек Моңолдорович — өмүр баяны
Давлянов Дамирбек Тайырбекович

Давлянов Дамирбек Тайырбекович өмүр баяны

0
(жаңыланган 16:23 28.11.2021)
Дамирбек Давлянов 1986-жылдын 21-мартында Ош облусунун Шарк айылында туулган. 2007-жылы ИИМ академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2007-2009 — Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери;
  • 2009-2010 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 2010-2011 — ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкери;
  • 2011-2013 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2013 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2014 — Ленин райондук (Бишкек) милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-2017 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2017 — ИИМдин крималдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын начальниги;
  • 2017-2018 — КР ИИМдин запасына чыгарылган.
0
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны, Дамирбек Давлянов
Тема боюнча
Ташматов Алибек Айтбекович — өмүр баяны
Ташматов Алибек Айтбекович

Ташматов Алибек Айтбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 15:57 28.11.2021)
Алибек Ташматов 1993-жылдын 10-февралында туулган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын педагогика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2008 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР чемпионатында 1-орун;
  • 2008 — Самарканд шаарынын кубогунда өспүрүмдөр арасында 1-орун;
  • 2008 — Б. Сайтиев атындагы эл аралык мелдеште 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында (Индия) 3-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча Азия чемпионатында (Таиланд) 2-орун;
  • 2011 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун, ошол эле жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 3-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2013 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 3-орун;
  • 2014 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2018 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2015-жылдан тарта эркин күрөш боюнча машыктыруучу.
1
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммити учурунда

Региондо тынчтык болбосо кызматташуу мүмкүн эмес! Жапаровдун Ашхабаддагы сөзү

18
(жаңыланган 17:37 28.11.2021)
Өлкө башчы региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде сөз сүйлөп, уюмдун алдындагы жаңы милдеттерди санап өттү.

Белгилей кетсек, бул уюмга Борбор Азия өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштын бир катар мамлекеттери мүчө.

Президенттин кебин анын маалымат кызматы жарыялады. Жапаровдун айткандарын тезис менен беребиз:

  1. климаттын өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү маанилүү, себеби бул маселе өтө олуттуу глобалдык көйгөй, аны чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун токтоосуз аракети талап кылынат;
  2. абадагы көмүртектин көлөмүн төмөндөтүү жана циклдүү экономиканы пландуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жандандыруу жана бекемдөө зарыл;
  3. Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Кайра калыбына келүүчү энергия булактары, биринчи кезекте, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын локомотиви болот; 
  4. уюмдун алкагында гидроэнергетика комплексинде инвестициялык кызматташтыкты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде түзүүнү жана парник газдарын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү; 
  5. соода-экономикалык чөйрөдө региондук кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн ЭКУнун бардык өлкөлөрүндө долбоорлорду каржылоонун реалдуу системасын түзүүгө багытталган масштабдуу реформаларга убакыт келди;
  6. кеңейтилген региондук кызматташууда, экономикалык өсүштө жана чөлкөмүбүздү өнүктүрүүдө экономикабыз үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникация, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болушубуз керек;
  7. Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аймактары аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет;
  8. Кыргызстан ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер программасына кирген Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүгө чоң маани берет;
  9. Кыргызстан Шахид Ражаи портун пайдалануу аркылуу Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Иран каттамы боюнча транспорт коридорунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатат;
  10. региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес. Афганистандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыш мезгилинин алдында Афганистандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Дал ушул гуманизм принциптеринин негизинде учак менен Кыргызстан Кабулга, ошондой эле жүк ташуучу транспорттор менен алыскы Кичи жана Улуу Памирдин аймактарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Кыргызстандан билим алып жаткан афган жарандарына студенттик виза берүүнү улантуу чечимин кабыл алды. Афганистандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү;
  11. ЭКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен, жыйынтыгында баары биригип келип, бирдиктүү натыйжа бере турган тиешелүү чараларды көрүү зарыл;
  12. бүгүн кабыл алып жаткан "Ашхабад декларациясы" уюмубуздун бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берет.

Садыр Жапаров Кыргызстанга бүгүн кайтат.

18
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Ашхабад
Тема боюнча
Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады
Садыр Жапаров Ашхабадга жетти. Аэропорттогу сүрөт, видео