Абдибапов Абдилла Исмаилович

Абдибапов Абдилла Исмаилович өмүр баяны

4
(жаңыланган 15:22 10.11.2021)
Абдилла Абдибапов 1963-жылы 5-мартта Лейлек районундагы Кулунда айылында туулган. Жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык институтун "автомобилдер жана автомобиль куруу" адистиги боюнча бүтүргөн. "Юриспруденция" адистиги боюнча экинчи жогорку билими бар.

Эмгек жолу:

  • 1985 ― Айыл чарба министрлигинин алдындагы атайын автобазада механик;
  • 1985 ― Автомобиль транспорту жана жолдор министрлигинин Фрунзедеги №2 жүргүнчүлөрдү ташуу автопаркында эксплуатациялоо боюнча инженер;
  • 2003 ― Юридикалык жеке фирмада жактоочу;
  • 2004-2005 ― Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын кеңешчиси.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, 'Ата-Журт Кыргызстан' партиясы, Абдилла Абдибапов
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

43
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

43
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
7
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме

74
(жаңыланган 22:50 04.12.2021)
Жер-жерлердеги кызмат орундарына Судьяларды тандоо боюнча кеңеш 16 талапкерди сунуштаган. Мамлекет жетекчиси 15ине макул болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жана облустарда 15 сотту дайындаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Билдирүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин атына Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына тогуз талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына жети талапкер, жалпы 16 талапкерге сунуш келип түшкөнү айтылат.

Өлкө башчы 15 талапкер боюнча сунушка макул болгон.

Баткен облусу

Баткен облустук соту:

  • Абышова Кундуз Сабырбековна.

Кадамжай райондук соту:

  • Ажиматов Улан Абдыкаарович;
  • Тажибаев Илязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

  • Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович.

Сүлүктү шаардык соту:

  • Эрматова Гүлзат Муктаровна.

Кызыл-Кыя шаардык соту:

  • Адимов Акылбек Акматович.

Ош облусу

Кара-Суу райондук соту:

  • Гуламидин уулу Элчибек.

Ош шаардык соту:

  • Турдалиев Ниязбек Назарович.

Жалал-Абад облусу

Ноокен райондук соту

  • Чоноев Чынгыз Мелисович.

Жалал-Абад шаардык соту:

  • Ганиев Жоомарт Махамадисакович.

Чүй облусу

Чүй облустук соту:

  • Кыдыралиева Нурзат Амантуровна.

Талас облусу

Талас шаардык соту:

  • Сүйналиев Дамир Сүйүнтаевич.

Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту:

  • Бекбаева Нурия Хусаиновна;
  • Накешова Минура Асылбековна;
  • Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери айтылды.

74
Белгилер:
Садыр Жапаров, судья, дайындоо, жарлык
Тема боюнча
Садыр Жапаров аймактарга 14 судья дайындады. Тизме
Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Тизме