Дыйканбаев Болотбек Жусупович

Дыйканбаев Болотбек Жусупович өмүр баяны

23
(жаңыланган 17:37 11.11.2021)
Болотбек Дыйканбаев 1979-жылы 11-февралда туулган. 1997-2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган.

Эмгек жолу:

  • 2008-2009 — “Курманкул ажы” дыйкан чарбасынын юристи, жетекчиси;
  • 2009-2010 — Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2011 — “Авасан” ЖЧКсынын жетекчисинин орун басары;
  • 2012 — “Дос-Береке” ЖЧКсынын жетекчиси;
  • 2012 —  жергиликтүү кеңештин депутаты, төрагасы.
23
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Болотбек Дыйканбаев
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

8
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

8
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:58 29.11.2021)
Акылбек Түмөнбаев 1972-жылы Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин жана Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — "Дизайн" биргелешкен ишканасынын каттоо долбоорунун кызматкери;
  • 1994-1995 — Ички иштер министрлигинин штаб башчысы;
  • 1995-2001 — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2001-2002 — Финансы министрлигинин Финансы полициясында бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө бөлүмүнүн стажер-оператору;
  • 2002-2003 — Финансы полициясынын региондор аралык башкармалыгынын опер кызматкери;
  • 2005-2008 — Финансы министрлигинин Финансы полициясынын кадрлар боюнча адиси;
  • 2009-2012 — Өкмөткө караштуу Мамлекеттик финансы полициясынын кызматкери;
  • 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого №35 Ак-Суу шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
7
Белгилер:
Акылбек Түмөнбаев, шайлоо, депутат, таржымал
Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет Алтын топ сыйлыгын алды

Рекорд! Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды

0
(жаңыланган 10:04 30.11.2021)
Акыркы 10 жылда футболдо Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциялык "ПСЖ" футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Бул футбол тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин бир да оюнчу футболдогу эң престиждүү сыйлыкка жети жолу татыган эмес.

Европадагы эң мыкты футболчуга берилүүчү "Алтын топту" тапшыруу аземи Париждеги "Шатле" театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунду "Бавария" клубунун польшалык оюнчусу Роберт Левандовский ээледи. "Челси" жана Италия курама командасынын футболчусу Жоржиньо үчүнчүгө илинди.

Акыркы 10 жылда Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

Месси акыркы сезондо Испаниянын "Барселона" командасынын сабында жана Аргентина курамасы менен 47 оюнга чыгып, 38 гол киргизген. Июль айында Америка Кубогу мелдешинде чемпион болгон. Бул анын улуттук команда менен уткан экинчи ири мелдеши. 2008-жылы футболчу Олимпиада чемпиону болгон.

Жайында Месси каталондук клубдан кетип, франциялык "ПСЖ" командасынын сабына кошулган.

Аргентиналык оюнчу "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары алган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу айрым өлкөлөрдө чемпионаттар аягына чейин ойнолбогондуктан бул абройлуу сыйлык берилбей калган эле.

Месси бул жарышта сыйлыкка төрт ирет удаасы менен татыган, эң көп: алты жана жети жолу уткан уникалдуу рекорддору менен өзгөчөлөнөт.

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылы France Football журналы тарабынан Европанын эң мыкты футболчусуна берилүүчү сыйлык катары негизделген (спорттук журналисттердин пикиринин негизинде).

2010-жылы ФИФА менен France Football "Алтын топ" жана "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыктары бириктирилип бериле баштаган. Мында жеңүүчү клубдардын капитандары жана улуттук командалардын машыктыруучуларынын добуш берүүсү менен аныкталган.

2016-жылдын сентябрь айында France Football аталган сыйлыкты өз алдынча бере баштаганын жар салган болчу.

0
Белгилер:
Лионель Месси, Алтын топ, сыйлык, футбол
Тема боюнча
Месси Пеледен ашып өтүп Түштүк Америка континентинин бомбардири болду
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу