Мамбетова Майрамхан Жалаловна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Мамбетова Майрамхан Жалаловна
Мамбетова Майрамхан Жалаловна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Майрамхан Мамбетова 1966-жылдын 3-июнунда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Бухгалтердик эсеп жана чарба иштерин анализдөө факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1983-1984 — Кыргыз ССР Турмуш-тиричилик министрлигинин конструктордук-технологиялык бюросунун техникалык жактан камсыз кылуу жана чыгаруу бөлүмүндө машинистка;
  • 1984-1985 — "Аманат" ижаралык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканасынын тейлөө бюросунун машинисткасы;
  • 1985-1987 – "Аманат" ижаралык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканасынын эсептөө бөлүмүнүн улук эсепчиси;
  • 1987-1988 — Свердлов өндүрүштүк турак жай-эксплуатациялоо бирикмесинин эсептешүү тобунун эсепчиси;
  • 1988- 1992 — Свердлов өндүрүштүк турак жай-эксплуатациялоо бирикмесинин материалдык тобунун улук эсепчиси;
  • 1997-1998 — Президенттин алдындагы Баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиянын баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо департаментинин биринчи категориядагы адиси, жетектөөчү адиси;
  • 1999-2001 — Президенттин алдындагы Баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиясы, корпоративдик финансы бөлүмү, каттоо секторунун башчысы;
  • 2001-2006 —  Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын Укуктук экспертиза жана лицензиялоо бөлүмүнүн лицензиялоо секторунда башкы адис;
  • 2006-2007 —  Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук мамлекеттик агенттигинин Баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007-2008 — Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын алдындагы Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын көзөмөлдөө жана инвесторлордун укуктарын коргоо департаменти, бөлүм башчы;
  • 2009-2013 — Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүндө башкы адис;
  • 2013-2019 — Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгында башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу, орун басары;
  • 2019-2019 — Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы;
  • 2020-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгын жетектеп келет.
Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0