Умаров Русланбек Камилович

Умаров Русланбек Камилович өмүр баяны

12
(жаңыланган 12:55 12.11.2021)
Русланбек Умаров 1967-жылдын 21-февралында туулган. Экономикалык жана юридикалык жогорку билими бар.

Эмгек жолу:

  • 1989-1991 — Фрунзе шаардык аткаруу комитетинде сектор башчысы;
  • 1991-1992 — Туризм министрлигинде башкы адис;
  • 1994-1995 — Салык полициясында башкармалык директору;
  • 1996-2002 — Мамлекеттик бажы кызматынын башкы инспектору;
  • 2002-2006 — жеке ишкер;
  • 2006-2012 — Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы;
  • 2012-2013 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында улук оперативдүү кызматкер;
  • 2013-2015 — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы;
  • 2016-жылдан бери "Верум-истина" детективдик агенттигинин негиздөөчүсү жана башкы директору.

Финансылык полициянын подполковниги.

12
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Русланбек Умаров
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

16
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

16
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

7
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
7
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Экс-депутат Ахматбек Келдибеков. Архив

УКМКга барган Келдибеков шайлоо таза өткөнүнө ынанганын билдирди. Видео

0
(жаңыланган 19:26 02.12.2021)
Атайын кызмат Келдибеков менен болгон баарлашуунун видеосун жарыялады. Бул киши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалары белгиленди.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ахматбек Келдибеков УКМКдагы түшүндүрүү иштеринен кийин Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине ынанды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирип, видеосун жарыялады.

Буга чейин интернет айдыңына видео тараган. Анда Келдибеков Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы бурмаланганын айткан. Мындан улам УКМК Келдибековду кечээ күнү суракка чакырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Кылмыш ишинин алкагында Келдибеков, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШКнын башкармалыгынын жетекчиси Акимбаев окуянын чоо-жайын талкуулоо үчүн суракка чакырылганы айтылды. Түшүндүрүү иштеринен кийин Келдибеков төмөнкүлөрдү билдирген.

"Суракка кирип чыктым, биз маселени эки сааттай талкууладык. Формула түзүлүп жатканда эмне себептен кээ бир добуштар экиден саналып кеткенин ачыктадык. Бул БШКнын адистери кетирген ката экени далилденди. Айрым тилкелердеги бюллетендерди кол менен санап чыгууга макул болдук", — деди Келдибеков.

Ал эми атайын кызмат компетенттүү кызматкерлер саясатчыга далилдерди келтирип бергенин айтты.

"БШКнын компетенттүү кызматкерлери келтирген төгүндөлгүс далилдердин жана жүйөлүү аргументтердин натыйжасында, Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясына койгон айыптарынын негизсиздигине жана ал тарабынан айтылган версиялардын туура эмес экендигине ынанды", — деди УКМКдан.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, анын жыйынтыгы өз убагында коомчулукка маалымдалат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, УКМК, Ахматбек Келдибеков, шайлоо, сурак
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бак чуркайт! Партия номери менен дал келип, көп добуш алган талапкерлер эмне дейт?
Текебаевге кол салууну үчүнчү күчтөр уюштурушу мүмкүнбү? ИИМдин жообу