Пирманов Бегалидин Рахманкулович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Пирманов Бегалидин Рахманкулович
Пирманов Бегалидин Рахманкулович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Бегалидин Пирманов 1964-жылдын 3-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы Миң-Жыгач айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1990-жылы Фрунзе шаарындагы СССРдин Ички иштер министрлигине караштуу милициянын атайын окуу жайын аяктаган;
  • 1994-жылы Ички иштер министрлигинин Бишкектеги милициянын жогорку окуу жайын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1991-1994 — Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 1993-1997 — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында тергөөчү, ага тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 1997-1998 — ИИМдин тергөө башкармалыгында ага тергөөчү;
  • 1998-2003 — Ош, Баткен облустарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмдөрүн жетектеген;
  • 2003-2008 — ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын биринчи орун басары, уюшулган кылмыштарды, ошондой эле буйрутма киши өлтүрүү фактыларынын бетин ачуу, тергөө боюнча атайын тергөө-ыкчам топторун жетектеген;
  • 2008-2015 — Бишкек ШИИБдин, Ысык-Көл ОИИБдин башчыларынын тергөө боюнча орун басары кызматында иштеп, андан кийин бөлүмдөрдү, башкармалыктарды жетектеген;
  • 2019 — отставкага кеткен.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0