Абдуллаева Манзура Закировна

Абдуллаева Манзура Закировна өмүр баяны

11
(жаңыланган 17:36 15.11.2021)
Манзура Абдуллаева 1969-жылы 25-февралда туулган. 1991-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун география мугалими адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1989-2002 — бир нече мамлекеттик орто мектептерде мугалим;
  • 2019 — "Гумми Бер" жеке менчик бала бакчасынын директору.

Үй-бүлөлүү,  уч уул, бир кыздын энеси. 

11
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Манзура Абдуллаева
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

67
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

67
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Дзюдочу. Архив

Кыргызстандык дзюдочу жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын байге утту

0
(жаңыланган 17:52 06.12.2021)
Кыргызстандык дзюдочулар жаштар арасындагы мелдеште бир алтын, эки күмүш байге алышкан. Федерация бул үчүн алардын жакындарына жана устаттарына ыраазычылык айтты.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Анарбек Ишенбаев дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Азия жана Океания мелдешинде чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча Улуттук федерациясынан билдиришти.

Мелдеш ушул күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өтүп жатат.

90 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан чейрек финалдан тарта ат салышып, адегенде пакистандык спортчуну уткан. Жарым финалда казакстандык балбанды жеңген. Финалдык таймашта түштүк кореялык Ли Намхун менен кез келип мыктылыгын далилдеген.

Федерациядан кошумчалагандай, аталган мелдеште Ханболот Ырысбеков (60 килограмм) күмүш байге жана кыздар арасында Шахида Нармухамедова (78 килограмм) күмүш байгеге ээ болушту. Ал эми Муса Шабданбеков 60 килограмм салмактагы дзюдочулардын арасында коло медаль тагынган.

"Бүгүн бүтүндөй Кыргызстан силердин спорттук эрдигиңерди майрамдап жатат. Таза жана айыгышкан күрөштө силер жогорку чеберчиликти, бекем эркти жана күчтүүлүктү көрсөтө алдыңар", — деп айтылат билдирүүдө.

Федерация байгелүү орундарды ээлеген дзюдочулардын жакындарына жана машыктыруучуларына ыраазычылык айткан.

0
Белгилер:
дзюдо, жаштар, чемпионат, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык парадзюдочулар Азия жана Океания ачык мелдешинде байге утушту