Кулуев Максат Маратович

Кулуев Максат Маратович өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:38 15.11.2021)
Максат Кулуев 1983-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2000-2005-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин театр жана кино факультетинде окуган.

Эмгек жолу:

  • 1997 — эмгек жолун Таттыбүбү Турсунбаева атындагы ансамблде баштаган;
  • 1998 — Калык Акиев атындагы драма театрында "Бекбекей" ыр-бий ансамблинде иштеген;
  • 2004-2013 — Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрында спектакльдерде роль ойноп, кино жаатында дагы эмгектенген;
  • 2009 — ЭЛТР МТРКсында "Чак түш", "Ак таңдай" берүүлөрүнүн, КТРКнын "Төкмө келсе төр бошот" берүүсүнүн, 5-каналда "Капыл-тапыл таймаш бат"  теледолбоорунун алып баруучусу;
4
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Максат Кулуев
Бакиров Таалайбек Октябревич

Бакиров Таалайбек Октябревич өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:03 26.11.2021)
Таалайбек Бакиров 1977-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2005 — "Тынай" дыйкан чарбасында жумушчу;
  • 2009 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин үйрөнчүк контролёру;
  • 2010-жыл, февраль — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин контролёру;
  • 2010-жыл, сентябрь — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин улук инспектору;
  • 2014 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы, РЭС жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — "Түндүк электр" ААКта улук инспектор;
  • 2020-2021 — "Түндүк электр" ААКта МРЭС жетекчиси;
  • 2021-жылдын август айынан бери "Түндүк электр" ААКтын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Таалайбек Бакиров
Базаралиев Абдижалил Кермалиевич

Базаралиев Абдижалил Кермалиевич өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:01 26.11.2021)
Абдижалил Базаралиев 1969-жылы 11-январда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1996 —"Прополис" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-1999 — "Интерпром" ЖЧКсында эксперт-экономист;
  • 199-2001 — "Мостовик" бейөкмөт уюмдун төрагасы;
  • 2001-2004 — "Хемко-Кыргызстан" ЖЧКсынын юрист-экономисти (Москва);
  • 2005-2008 — "Мостовик Бишкек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2020-2021 — "Акча рыногунун биржасы" АКтын директору;
  • 2009-жылдан бери адвокат.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдижалил Базаралиев
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы

Шайлоого байкоо салчу КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары ишин баштады

21
(жаңыланган 12:16 27.11.2021)
28-ноябрь күнү Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады.

  • К краткосрочному мониторингу выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызстана приступила группа международных наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи СНГ. 27 ноября 2021 года
    Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады
    © Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
  • К краткосрочному мониторингу выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызстана приступила группа международных наблюдателей от Межпарламентской ассамблеи СНГ. 27 ноября 2021 года
    Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү
    © Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
1 / 2
© Фото / пресс-служба Межпарламентской Ассамблеи СНГ
Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын депутаты Кутбидин Бурханов башында турган байкоочулар тобунун парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү иштерин баштады

Мониторингдин алкагында талапкерлигин коюп жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуулар болуп өттү.

Маектешүү учурунда ар бир лидер шайлоо, үгүт иштери, программасы боюнча байкоочулар менен пикир алышты.

Делегациянын курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан парламентинин депутаттары кирген. Ошондой эле ассамблея кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү, Жарандардын шайлоо укуктарын сактоону, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүү эл аралык мониторинг институтунун эксперттери да бар. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан жалпы 75 байкоочу өткөн. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылган.

Эске салсак, эртең, 28-ноябрь күнү, Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт. Элдин добушун алуу үчүн 21 партия, 287 талапкер жарышка чыккан.

21
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, байкоочу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда "жымжырт күн", үгүт иштери токтотулду
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады