Барчакеев Бакыт Амангелдиевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Барчакеев Бакыт Амангелдиевич — өмүр баяны
Барчакеев Бакыт Амангелдиевич — өмүр баяны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Бакыт Барчакеев 1970-жылы 14-августта Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. Жогорку билимдүү.  Тимирязев атындагы Москва айыл-чарба академиясын "агроном" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1987-жыл, август-декабрь — "Кыргызстанга 40 жыл" совхозунда слесарь;
  • 1993-1994 — "Азат" корпорациясынын коммерция бөлүмүнүн башчысы;
  • 1994-1996 — "Жетиген" ЖЧКсында жетекчинин орун басары;
  • 1996 — "Дан-Бишкек" кыргыз-герман ишканасынын президенти;
  • 1998-жыл, январь-июль — "Тазалык" ишканасынын автобазасында жетекчи;
  • 1999-жыл, апрель-август "Мерлисайд ЛЛК" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 1999-2000 — "Аалам сервис" ЖЧКсынын директору;
  • 2000-2004 — "Итек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан бери "Силквей Инвестмент" ЖЧКсында башкы директор.
Жаңылыктар түрмөгү
0