Ибрахимов Эркинбек Исакжанович

Ибрахимов Эркинбек Исакжанович өмүр баяны

5
(жаңыланган 18:38 16.11.2021)
Эркинбек Ибрахимов 1981-жылы 28-февралда Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2011-2013 — "Эрке Интернешнл Сервис" ЖЧКсында логистика боюнча менеджер;
  • 2014-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, Ош шаардык мэриясында башкы адис;
  • 2014-2015 — Ош шаардык мэриясында жетектөөчү адис;
  • 2018 — "Төлөнбай Ата" ЖЧКсында директор;
5
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Эркинбек Ибрахимов
Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Кенжебаев Аманкан Баатырбекович өмүр баяны

2
(жаңыланган 00:20 01.12.2021)
Аманкан Кенжебаев 1967-жылы 24-декабрда Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987 ― Фрунзе совхозунун техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2005 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, "экономист" кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1987-1990 ― Советтик аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн;
  • 1990 ― Ленин атындагы колхозунда ферманын эсепчиси;
  • 1991-1993 ― КР айыл чарба министрлигинде зоотехник;
  • 1993-1996 ― "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзда кампа башчы;
  • 1997-1998 ― "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу;
  • 1999-2001 ― Бишкек эркин экономикалык аймагында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын башкаруучусу, курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2003 ― "Арна" ЖЧКсынын башкы директор;
  • 2003-2004 ― "СЭЗ курулуш" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2004-2008 — Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2008-2011 ― Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2005 ― "Баден-Сервис" курулуш компаниясында башкы директор;
  • 2011-2012 ―  "СЭЗ Бишкек" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2012-2017 ― Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын май айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жыл, май-октябрь ― Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №24 Сокулук шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
2
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Аманкан Кенжебаев
Тема боюнча
Ханджеза Карим Лемзарович — өмүр баяны
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

28
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

28
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза
Россиянын учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялоо учурунда

Россиянын учактары Афганистандан элди алып келүүгө кетти. Ичинде КР жарандары бар

16
(жаңыланган 10:01 01.12.2021)
Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагынан элди эвакуациялоо үчүн үчүнчү ирет учак жиберген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын аскердик-транспорттук үч учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялап, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн учуп кетти. Алардын бири Кабул шаарына барып конду деп билдирди РИА Новости.

"Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагына үчүнчү эвакуациялык иштерди уюштурду. Ал жактан Россиянын (380ден ашуун) жана ЖККУга мүчө болгон мамлекеттердин (Кыргызстан) жарандарын жана Россия аймагында окуп жаткан афганистандык студенттерди алып келет", — деп айтылган маалыматта.

Учактар Кабулга Подмосковьедеги Чкалов аэродромунан жөнөп кеткен.

Маалыматта россиялык аба кемелери афган элине эмне жардам алып барганы такталып жатканы жазылган.

16
Белгилер:
Афганистан, Россия, Кыргызстан, эвакуация, учак, гуманитардык жардам
Тема боюнча
Россия Афганистандан өз жарандары менен кошо кыргызстандыктарды ала чыгат