Берикбаев Санжарбек Турдукулович

Берикбаев Санжарбек Турдукулович өмүр баяны

2
(жаңыланган 18:33 16.11.2021)
Санжарбек Берикбаев 1969-жылы 20-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Ийри-Суу совхозунда туулган. Жогорку билимдүү.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун "дене тарбия мугалими" адистиги боюнча жана Жалал-Абад мамлекеттик университетин "бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1986-1991 — "Ийри-Суу" совхозунда кадрлар боюнча инспектор;
  • 1991-1992 — Жалал-Абад консерва заводунун курулуш отрядынын жумушчусу;
  • 1992-1994 — Жалал-Абад облустук маданият башкармалыгында чарба жетекчи;
  • 1997-2001 — ИИМдин кызматкери;
  • 2014-жылдан бери Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрында директор.
2
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Санжарбек Берикбаев
Тема боюнча
Эрбаев Алишер Ташбаевич — өмүр баяны
Өмүр баян

Таштанбеков Акбөкөн Дукенович өмүр баяны

0
(жаңыланган 18:12 30.11.2021)
Акбөкөн Таштанбеков 1963-жылы 17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жер Казар айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2001 ― Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1978 ― "Алга" базасында малчы;
  • 1999-жылдан бери Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын саясий кеңешинин төрагасы;
  • 2000 ― Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Ысык-Ата, Акбөкөн Таштанбеков
Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 18:10 30.11.2021)
Нурланбек Азыгалиев 1970-жылы 30-августта Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары) туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1984-1989 ― Фрунзе атындагы совхоз-техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 1989-1992 ― К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн;
  • 1993-1998 ― Эгей университетин "зооинженер" адистиги боюнча аяктаган (Түркия, Измир);
  • 1998-2004 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1989 ― Тельман атындагы совхоздо жумушчу;
  • 1998-2000 ― "Роза гүлү" туристтик компаниясынын башкы директорунун орун басары;
  • 2000-2011 ― "Дискавери" түристтик жана логистикалык компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2011-2012 ― "Атриум холдинг" компаниясынын башкы директорунун орун басары;
  • 2013 ― "Анилия" курулуш компаниясынын башкы директору;
  • 2019 ― Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палатасынын төрагасы;
  • 2019 ― Түрк соода палатасы президиумунун мүчөсү;
  • 2019 ― КР Эр эңиш федерациясынын президенти.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Нурланбек Азыгалиев
Тема боюнча
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич — өмүр баяны
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты

0
(жаңыланган 18:05 30.11.2021)
Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын 32ден ашык мутациясы бар. ДССУ өкүлү алардын айрымдары кооптонуу жаратарын айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммы учурда толук изилденип бүтө элек. Бирок ал иммунитети бар адамдарга дагы жуга турганы белгилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот" аталышындагы брифингге катышты.

Эсенгуловдун айтымында, ДССУ жаңы штамм тууралуу 24-ноябрда Түштүк Африка өкмөтү инфекция табылганын кабарлагандан кийин билген.

Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
"Бул штаммдын мутациялары көп, 26дан 32ге чейин жетет. Алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат. Штамм канчалык оор ооруну пайда кылары жана мурунку инфекцияларга салыштырмалуу канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мурда иммунизацияланган адамдарда да кайра инфекцияны козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан биз өлкөлөрдү бул коркунучка карата даярданууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырабыз", — деген Эсенгулов.

Анын айтымында, коргонуу боюнча калкка мурдагыдай эле сунуштар айтылат:

  • Колду самындап жуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу.

Эске салсак, министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID инфекциясынын "омикрон" жаңы штаммынын пайда болушу боюнча чукул кеңеш өткөргөн. ДССУ аны кооптуу штаммдардын катарына киргизген. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстанда жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

0
Белгилер:
Кыргызстан, 'омикрон' штаммы, жаңы штамм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат