Клименко Илья Петрович

Клименко Илья Петрович өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:22 16.11.2021)
Илья Клименко 1956-жылы 23-майда Приморский крайынын Хакас районундагы Славянка айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1987-1989 — Кыргыз ССРинин 60 жылдыгы атындагы заводдо башкы эсепчи;
  • 1989-1991 — Фрунзе шаардык элдик көзөмөл комитетинде инспектор;
  • 1991-1992 — Чүй облусунун салык инспекциясында башкы инспектор;
  • 2002-2003 — Салык инспекциясынын башчысы;
  • 2003-2004 — Бишкек шаардык салык инспекциясынын башчысы;
  • 2004-2005 — Финансы министрлигинин кирешелер боюнча департаментинин директору;
  • 2005-2007 — Бишкек шаарынын вице-мэри;
  • 2007-2009 — Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси;
  • 2010-2011 — Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы-аким;
  • 2011-2012 — "Эл аралык борборлор ассамблеясы" ассоциациясында ыйгарымдуу өкүл;
  • 2012-2013 — "Эмгек" ЖЧКсында директордун орун басары;
  • 2013-2014 — КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Илья Клименко
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

71
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

71
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Автоунаанын фонунда дарак бутактарындагы кар

Шейшембиге карата аба ырайы

0
7-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй аймагында +7...+12, Талас өрөөнүндө +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Теңир-Тоодо 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, декабрь, Кыргызстан
Тема боюнча
"Түндүк электр" 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт