Абдиллаева Жанаркан Абдиллаевна

Абдиллаева Жанаркан Абдиллаевна өмүр баяны

2
(жаңыланган 17:21 16.11.2021)
Жанаркан Абдиллаева 1966-жылы 11-декабрда Баткен облусунун Баткен районундагы Зар-Таш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1993-1998 ― Жалал-Абад комерциялык институтун "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2006-2009 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1990 ― "Москва" колхозунда бухгалтер;
  • 1993-1996 ― эсепчи, улук экономист;
  • 1996-1997 ― Архитектура жана курулуш башкармалыгынын Ош шаардык инспекциясында башкы бухгалтер;
  • 1997-2001 ― "Туранс" ЖЧКсында башкы бухгалтер;
  • 2001-жыл, март-май ― "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө башкы бухгалтер;
  • 2001-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматында башкы, кийин улук инспектор.
2
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Жанаркан Абдиллаева
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

67
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

67
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

8
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

8
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары