Өмүр баян

Осмонов Сейдали Омарбекович өмүр баяны

6
(жаңыланган 17:26 15.11.2021)
Осмонов Сейдали Омарбекович 1962-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Чымбай айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1983-1988 ― Фрунзе политехникалык институтун "автоунаа жолдору" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1979-1980 ― Кыргыз зоналдык тажрыйба-селекциялык станциясынын тамеки боюнча Бүткүл союздук илим-изилдөөчү институтунда жумушчу;
  • 1982 ― Өзгөн районундагы "Табак" чарбасында жумушчу;
  • 1983-1988 ― Фрунзе политехникалык институтунда улук лобарант;
  • 1988-1992 ― Өзгөн райондук жол куруу башкармалыгында 3-разряддагы жумушчу, жол мастери;
  • 1992 ― ДЭУда прораб.
6
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Сейдали Осмонов
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

66
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

66
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Россия лидери Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Умтулууңузду баалайбыз. Владимир Путин Садыр Жапаровду куттуктады

0
(жаңыланган 17:01 06.12.2021)
Путин конструктивдүү диалогдун жана эки тараптуу, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним арткан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргыз Республикасында өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган маанилүү кайра куруулар ишке ашырылууда. Мамлекеттерибиздин союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле евразиялык интеграциялык процесстерди, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө болгон умтулууңузду баалайбыз", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Путин конструктивдүү диалогдун жана эки тараптуу, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним арткан.

Сөзүнүн соңунда Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, президент Жапаров бүгүн 53 жашка толду. Бул күндү утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги шаардыктардын өлкө башчысына арналган каалоо-тилегин укту.

0
Белгилер:
Садыр Жапаров, Владимир Путин, туулган күн, куттуктоо, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров туулган күнүн кандай өткөрөрү айтылды