Момбекова Айгүл Бийзаковна

Момбекова Айгүл Бийзаковна өмүр баяны

6
(жаңыланган 18:31 16.11.2021)
Айгүл Момбекова 1970-жылы 11-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1988-1993 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1988-жыл, май-июль ― Жети-Өгүз райондук сотунда сот аткаруучу;
  • 1993-2008 ― Сокулук районунун жана Чүй облусунун прокурорунун жардамчысы;
  • 2008-2012 ― Башкы прокуратурада улук прокурор;
  • 2012-2013 ― Талас облусунун прокурорунун жардамчысы;
  • 2013-2014 ― Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын прокурору;
  • 2014-2017 ― Ош облусунун Кара-Суу районунун прокурору;
  • 2017-2018 ― Ош шаарынын прокурору;
  • 2018-2019 ― Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын прокурорунун орун басары;
  • 2019-2020 ― Ысык-Көл облустук прокуратурасында бөлүм башчы.
6
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Айгүл Момбекова
Бакиров Таалайбек Октябревич

Бакиров Таалайбек Октябревич өмүр баяны

4
(жаңыланган 17:03 26.11.2021)
Таалайбек Бакиров 1977-жылы 29-октябрда Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-2005 — "Тынай" дыйкан чарбасында жумушчу;
  • 2009 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин үйрөнчүк контролёру;
  • 2010-жыл, февраль — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин контролёру;
  • 2010-жыл, сентябрь — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин улук инспектору;
  • 2014 — "Түндүк электр" ААКта МРЭСтин энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы, РЭС жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — "Түндүк электр" ААКта улук инспектор;
  • 2020-2021 — "Түндүк электр" ААКта МРЭС жетекчиси;
  • 2021-жылдын август айынан бери "Түндүк электр" ААКтын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы.
4
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Таалайбек Бакиров
Базаралиев Абдижалил Кермалиевич

Базаралиев Абдижалил Кермалиевич өмүр баяны

0
(жаңыланган 17:01 26.11.2021)
Абдижалил Базаралиев 1969-жылы 11-январда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин "бухгалтердик эсеп, чарбалык ишти контролдоо жана талдоо" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган. Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1990-1996 —"Прополис" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-1999 — "Интерпром" ЖЧКсында эксперт-экономист;
  • 199-2001 — "Мостовик" бейөкмөт уюмдун төрагасы;
  • 2001-2004 — "Хемко-Кыргызстан" ЖЧКсынын юрист-экономисти (Москва);
  • 2005-2008 — "Мостовик Бишкек" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2020-2021 — "Акча рыногунун биржасы" АКтын директору;
  • 2009-жылдан бери адвокат.
0
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ынтымак' партиясы, Абдижалил Базаралиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү

15
(жаңыланган 11:34 27.11.2021)
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров впервые подписал документы электронной подписью и направил на исполнение посредством системы электронного документооборота Infodocs (СЭД). 27 ноября 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү

Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.

"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

15
Белгилер:
Кыргызстан, өкмөт, санариптештирүү, документ, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200%га жогорулайт