Омельченко Клим Сергеевич

Омельченко Клим Сергеевич өмүр баяны

6
(жаңыланган 18:30 16.11.2021)
Клим Омельченко 1990-жылдын 18-январында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек калаасы) жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2006-2010 ― Кыргызстан эл аралык университетинде "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган.
  • 2010-2013 ― Россиянын ТИМине караштуу Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.
  • 2013-2016 ― Кыргызстан эл аралык университетинин "эл арлык укук" адистиги боюнча магистр даражасына ээ  болгон.

Эмгек жолу:

  • 2013-жылдан бери Кыргызстан эл арлык университетинде мугалим;
  • 2015-2016 ― Билим берүү министрлигинде жетектөөчү адис;
  • 2017-2019 ― "А Плюс" камсыздандыруучу компаниясында катчы;
  • 2019-2021 ― Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында юрист;
  • 2021-жыл, май-сентябрь ― президенттик администрацияда эксперт.
6
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Клим Омельченко
Өмүр баян

Абдибаева Айсара Нышановна өмүр баяны

71
(жаңыланган 20:06 01.12.2021)
Айсара Абдибаева 1965-жылы 18-августта Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетин "экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984-1989 ― кампа кызматкери;
  • 1989-1994 ― Jany-Jol ATP башкы экономист;
  • 1995-1996 ― Мамлекеттик мүлк фондунун бухгалтердик эсеп боюнча адиси;
  • 1996-1997 ― "Кыргызстан" АКБнын Таш-Көмүрдөгү филиалында бухгалтердик эсеп боюнча адис;
  • 1999-2000 ― РСК банкында экономист, кийин банктын филиалында директор;
  • 2006-2007 ― "Кыргызпромстройбанк" ААКта кызматкер;
  • 2007-2010 ― "Аманбанк" ААКтын Оштогу филиалында аманат кассанын башчысы;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

71
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Айсара Абдибаева
Өмүр баян

Жусупов Эмилбек Рамидинович өмүр баяны

12
(жаңыланган 13:16 01.12.2021)
Эмилбек Жусупов 1991-жылы 21-апрелде туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик юридикалык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2014-2015 — "Дастан Курулуш" ЖЧКсында участок жетекчиси;
  • 2015-жыл, июнь-ноябрь ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын техникалык директору;
  • 2015-2016 ― "Дастан Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-2017 ― "Тагай Ата" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017-2018 ― "Эмаком" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2018-жылдан ушул күнгө чейин "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти.
12
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Ишеним' партиясы, Эмилбек Жусупов
Автоунаанын фонунда дарак бутактарындагы кар

Шейшембиге карата аба ырайы

0
7-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй аймагында +7...+12, Талас өрөөнүндө +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Теңир-Тоодо 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, декабрь, Кыргызстан
Тема боюнча
"Түндүк электр" 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт