Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна

Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна өмүр баяны

10
(жаңыланган 18:52 16.11.2021)
Айпери Кулмурзаева 1993-жылы 26-февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2011-2016 ― Кыргызстан эл аралык университетинин чет тилдер институтун котормочу адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2016-2018 ― Катар мамлекетинде эмгектенген;
  • 2018-2020 ― MGTPRIME котормо агенттигинде котормочу;
  • 2020-2021 ― "Аблим" ЖЧКсынын аткаруучу директору.
10
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, Айпери Кулмурзаева
Тема боюнча
Адилет Нарынбек уулу — өмүр баяны
Өмүр баян

Сулайманов Кундузбек Кошалиевич өмүр баяны

21
(жаңыланган 11:31 30.11.2021)
Кундузбек Сулайманов 1967-жылы 2-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1984-1985 ― Фрунзе шаарындагы СПТУда окуган;
  • 1987-1992 ― Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;
  • 1992-1995 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1983-1984 ― Шопоков атындагы совхоздо жумушчу, маданият үйүндө көркөм жетекчи;
  • 1985-1987 ― Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1992-2010 ― ИИМде инспекторлуктан тарта Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматына чейин жогорулаган;
  • 2010-жылдан тартып бүгүнкүгө чейин жеке ишкерлик менен алектенет.
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №19 Токтогул шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Үй-бүлөлүү, төрт уул, бир кыздын атасы.

21
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Токтогул, Кундузбек Сулайманов
Бактыгүл Иманбек кызы

Бактыгүл Иманбек кызы өмүр баяны

962
(жаңыланган 18:27 29.11.2021)
Бактыгүл Иманбек кызы 1986-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетин лингвист-котормочу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2006-2008 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тилинен котормочу;
  • 2007-2008 — Aliya Study and Travel туристтик фирмасында котормочу;
  • 2011 — "Эклектик" ЖЧКсында француз тили мугалими;
  • 2012-2017 — Mira Study ЖЧКсын негиздеп, жетектеген;
  • 2017-2019 — "Эларад" туристтик фирмасында гид-котормочу;
  • 2019 — "Миракл Лайф" окуу борборун негиздеген.

Кийин КР президентинин администрациясында эксперт болуп эмгектенген.

2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого "Эл үмүтү" партиясынын катарында катышкан.

962
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Эл үмүтү' партиясы, Бактыгүл Иманбек кызы
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Эртең Жогорку Кеңеш үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

0
(жаңыланган 17:19 30.11.2021)
27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, жыйын, шайлоо, кол тийбестик
Тема боюнча
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди