Тротченко Надежда Владимировна

Тротченко Надежда Владимировна өмүр баяны

11
(жаңыланган 18:26 16.11.2021)
Надежда Тротченко 1980-жылы 4-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1997-2001 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология факультетин аяктаган;
  • 2001-2003 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология факультетинде билимин тереңдетип, магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2002-2003 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде лаборант;
  • 2003-2005 ― Улуттук илимдер академиясынын бийик тоонун физиологиясы жана эксперименталдык патологиясы институтунда кенже илимий кызматкер;
  • 2003-2016 ―  Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунда аспирант, улук лаборант, кенже илимий кызматкер.
11
Белгилер:
Өмүр баяны, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, таржымал, Надежда Тротченко
Тема боюнча
Клюева Сакина Рустам Гызы — өмүр баяны
Депутаттыкка талапкердин өмүр баяны

Кенжебаев Аманкан Баатырбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 00:20 01.12.2021)
Аманкан Кенжебаев 1967-жылы 24-декабрда Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987 ― Фрунзе совхозунун техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2005 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, "экономист" кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1987-1990 ― Советтик аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн;
  • 1990 ― Ленин атындагы колхозунда ферманын эсепчиси;
  • 1991-1993 ― КР айыл чарба министрлигинде зоотехник;
  • 1993-1996 ― "Шорго" айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары, андан кийин Кыргызпотребсоюзда кампа башчы;
  • 1997-1998 ― "Бек-Констракшн" фирмасында жабдуучу;
  • 1999-2001 ― Бишкек эркин экономикалык аймагында (СЭЗ) көзөмөлдөөчү, ага көзөмөлдөөчү, күзөт жетекчиси, көмөкчү чарбанын башкаруучусу, курулуш жана механизация бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2003 ― "Арна" ЖЧКсынын башкы директор;
  • 2003-2004 ― "СЭЗ курулуш" ЖЧКсында башкы директор;
  • 2004-2008 — Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2008-2011 ― Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2005 ― "Баден-Сервис" курулуш компаниясында башкы директор;
  • 2011-2012 ―  "СЭЗ Бишкек" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2012-2017 ― Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын май айына чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жыл, май-октябрь ― Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ― аким;
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №24 Сокулук шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
1
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Аманкан Кенжебаев
Тема боюнча
Ханджеза Карим Лемзарович — өмүр баяны
Ханджеза Карим Лемзарович

Ханджеза Карим Лемзарович өмүр баяны

28
(жаңыланган 18:44 30.11.2021)
Карим Ханджеза 1982-жылы 22-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1999-2003 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-2004 ― Кыргыз-Россия Славян университетин ""саясат таануу" адистиги боюнча билим алып, магистр даражасына ээ болгон;
  • 2007-2010 ― Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2010 ― "Best of the best" компаниясынын юристи;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2010-2012 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.
  • 2010-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук юридикалык кеңешчиси;
  • 2011 ― "Аврес" ЖЧКсынын юридикалык кеңешчиси;
  • 2012-2015 ― Александровка айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2012-2016 ― "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жаштар саясаты боюнча вице-президенти;
  • 2013-2017 ― "Эки тамчы суу" ИСКАКБнын башкармалыгынын мүчөсү;
  • 2013-2017 ― "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору;
  • 2016-жылдан ушул күнгө чейин "КР дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
  • 2020-жылдан тартып ишкердик менен алектенет (ИП Ханджеза К.Л.).
  • 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №23 Москва шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.

Кыргыз, орус, англис, кытай, араб, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Эне тили — дунган тили.

28
Белгилер:
Өмүр баяны, таржымал, Москва району, Карим Ханджеза

Акыры өлтүрүп тынды. Сууда алышкан ак аюу менен бугунун видеосу

0
Интернет айдыңында мелмилдеген сууда ак аюу мүйүздөрү аркайган бугунун артынан сая түшүп, кууп бара жаткан видео тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, кишинин тынчын алып, кыпылдаткан бул окуя былтыр Норвегиянын Шпицберген архипелагында августтун аягында болгон.

Бугу душманы ак аюудан кургакты көздөй чуркабай, сууга кире качып, өзүн кооптуулукка кептеген. Польшанын илимий станциясынын изилдөөчүлөр тобу эки жаныбардын кармашын видеого тартып алган. Маалыматта негизи эле жогорудагы жырткычтын түндүк бугуга аңчылык кылган учурунун биринчи ирет камерага тартылгандыгы айтылган.

Кадрдан жаш ургаачы аюу шыргалаң сууда бугунун артынан сая түшүп алып сүзүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал бир нече мүнөткө созулуп, акырында жырткычтын мүйүздөрүн арткайтып, жаныбарды жээкке сүйрөп чыккан.

"Баары ушунчалык таңгалычтуу болгондуктан, документалдуу фильм көргөндөй абалда калдык. Мындан кийин буга окшогон окуяга эч качан туш келбейбиз дагы", — деген Гданьск университетинин биологу Изабела Кулашевич.

Ак аюу сууда эң сонун сүзөт, ал эми кургакта качкан бугуга жетпей калышы турган иш. Андан сырткары, Арктиканын башка бөлүктөрүндө түндүк бугуларга анча кооптуулук жаралбайт. Ал эми Шпицбергенде бул жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, National Geographic саксактап, натыйжада алар аярлыгын бир топ жоготуп койгонун жазды.

0
Белгилер:
Норвегия, National Geographic, Россия, ак аюу, бугу, аңчылык, суу
Тема боюнча
Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт