Эшиев Бактыбек Абдыкеримович

Эшиев Бактыбек Абдыкеримович өмүр баяны

4
(жаңыланган 13:24 17.11.2021)
Бактыбек Эшиев 1978-жылы 11-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында төрөлгөн.

Билими:

  • 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин экономист адистиги боюнча сырттан окуп бүтүргөн.

Окуу жайды бүткөндөн бери жеке ишкердик менен алектенет.

4
Белгилер:
'Азаттык' партиясы, Өмүр баяны, Бактыбек Эшиев
Давлянов Дамирбек Тайырбекович

Давлянов Дамирбек Тайырбекович өмүр баяны

0
(жаңыланган 16:23 28.11.2021)
Дамирбек Давлянов 1986-жылдын 21-мартында Ош облусунун Шарк айылында туулган. 2007-жылы ИИМ академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2007-2009 — Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери;
  • 2009-2010 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;
  • 2010-2011 — ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкери;
  • 2011-2013 — Ош шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2013 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2014 — Ленин райондук (Бишкек) милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014-2017 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2017 — ИИМдин крималдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын начальниги;
  • 2017-2018 — КР ИИМдин запасына чыгарылган.
0
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны, Дамирбек Давлянов
Тема боюнча
Ташматов Алибек Айтбекович — өмүр баяны
Ташматов Алибек Айтбекович

Ташматов Алибек Айтбекович өмүр баяны

1
(жаңыланган 15:57 28.11.2021)
Алибек Ташматов 1993-жылдын 10-февралында туулган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын педагогика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2008 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР чемпионатында 1-орун;
  • 2008 — Самарканд шаарынын кубогунда өспүрүмдөр арасында 1-орун;
  • 2008 — Б. Сайтиев атындагы эл аралык мелдеште 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2009 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында (Индия) 3-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2010 — күрөш боюнча Азия чемпионатында (Таиланд) 2-орун;
  • 2011 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун, ошол эле жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 3-орун;
  • 2012 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2013 — күрөш боюнча чоңдор арасындагы КР биринчилигинде 3-орун;
  • 2014 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2018 — күрөш боюнча жаштар арасындагы КР биринчилигинде 1-орун;
  • 2015-жылдан тарта эркин күрөш боюнча машыктыруучу.
1
Белгилер:
'Эл үмүтү' партиясы, Өмүр баяны
Киши сом купюралары менен. Иллюстративдик сүрөт

ИИМ айрым талапкерлер бир добуштун "баасын" канчага көтөргөнүн айтты

0
(жаңыланган 16:31 28.11.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, талапкерлер добуш сатып алуу үчүн 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Нарын жана Ош облустарында добуш сатып алуу фактысы көбүрөөк катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процесси башталгандан бери добуш сатып алуу боюнча 49 факты катталган. Анын ичинен жетөө тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

"Бизге түшкөн маалыматтарда добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатканы аныкталды. Кээде акча түрүндө эле эмес, жол салып же кандайдыр бир объект куруп берүүгө аракет кылгандар бар. Мындай учурлар Бишкекте мурункудай болбой, азайып калды. Көбүнчө Нарын жана Ош облустарынан катталууда", — деди Макилов.

Ошондой эле ал бүгүн добуш сатып алуу боюнча фактылар аныкталбаганын кошумчалады.

Мындан сырткары, тергөөчү "административдик ресурсту колдонуу" беренеси боюнча 39 факты катталганын белгиледи. Анын ичинен тогузу тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Мындай мыйзам бузууга баргандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Ош облусу жана шаарында болууда.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш, сатып алуу, тергөөчү
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби